17:00 Борбор Азиядагы илимий эмгектердин бирдиктүү электрондук архиви түзүлөт

Мындай демилге Борбор Азиядагы Америка университетине таандык жана бул сунуш аймактын китепкана коомчулугу тарабынан колдоого алдынды. Ага ылайык жакында болгон “Ысыккөл-2007: китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” жыйынында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Таджикстандын китепканачыларынын ортосунда келишим түзүлдү. Аталган окуу жайдын китепкана башчысы Сания Батталованын билдиришинче Кыргызстанда электрондук архив түзүлгөн жана анда азыр жүз сегиз окумуштуунун илимий эмгектери бар. Эми мындай демилге коңшу мамлекеттерге да тарап, бул жатта кызматташуу болгон жатат. (EBM)