АКСЫ СОТУ: БЕКНАЗАРОВ М. АКАЕВАНЫН БУЙРУГУ БОЮНЧА КАМАЛГАНБЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов
Аксы окуясы боюнча Жалалабатта жүрүп жаткан сотто Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун күбө катары сүйлөп, депутат Азимбек Бекназаровду областтык прокурор З. Кудайбергенов экс-президенттин жубайы Майрам Акаева менен кеңешип кесип туруп камагандыгын ага мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев айтканы жөнүндө сотко билдирүү жасады. Аксы окуясы дал ушул А. Бекназаровду камоодон тутанганын коомчулук жакшы билет. Зоотбек Кудайбергенов өз кезегинде Т. Акундун сөзүн далилдөө үчүн экс-баш прокурордун көрсөтмөсү зарыл экендигин билдирди.
Турсунбек Акун өткөн аптада сотко келип, сурак бергенде Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү катары Аманбек Карыпкуловдон тышкары Аскар Акаевдин, анын жубайынын, Зоотбек Кудайбергеновдун жана ошондогу губернатор Султан Урманаевдин, соттолуп, кийин акталган райондук ички иштер бөлүм башчысы Данияр Кулуевдун жана милиция башкармасынын орунбасары Абдимитал Калбаевдин ысымдарын атаган. Турсунбек Акун экс-баш прокурор менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүн далилге мындайча тарткан:

- Кудайбергенов күнөөлүү. Анткени, Чубак Абышкаев менен жолуксам, эми сот бүттү айтып бериңиз эмне болду эле десем, Кудайбергенов менен Майрам Акаева мени киши катары көрбөй өздөрү эле камап салган деди.

Т. Акундун жогоркудай көрсөтмөсүн аныктоо үчүн Зоотбек Кудайбергенов сотко Чубак Абышкаевди чакыртууну сунуш кылды. Анын ырасташынча Данияр Кулуев Турсунбек Акунду соттоо керектигин айткан. Эгер укук коргоочу элди райондун борборунда митинг өткөрүүгө үндөбөсө, эл жолго чыкпай, Аксы окуясы болмок эмес:

- Ар бир айтылган сөзгө юридикалык жагынан далил болуш керек. Мисалы, эжекесинин көрсөтмөсү деп Абышкаев айтты дейт. Билбейм биринчи жолу угуп атам. Ал үчүн Абышкаевди чакыртып көрсөтмө алыш керек. Мен ал жерге барбасам, Майрам Акаева менен иштеп калмак белем. Бир милиция айттыбы, Кудайбергенов көрсөтмө берди, же курал колдонгула деп? Айткан жок. Ал эми Акунов айтып атат. Мына бардыгы айтып атат, элдин бардыгын үгүттөп ошол жака алып келбесе, ошол жерден машинеден түшүп Акуновду кармабаса мындай чатак болбойт эле деп, - деп айтты Зоотбек Кудайбергенов.

Азимбек Бекназаровдун Токтогул районунда болгон 12-марттагы сотунда аны бошотуу талабы менен өткөн пикет катышуучуларына кысым көрсөтүлгөн. Зомбулук аракет пикетчилердин кыжырына тийип, бийликке нааразылыгын күчөткөн. Райондогу милиционерлер областтык прокурорго айтпагыла дегени менен Бекназаровдун тарапкерлерине элдин талаптарын мыйзамдуу жазууну үйрөтүп, тымызын жардам беришкен. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов Аксы окуясынын чыгышына Зоотбек Кудайбергеновдун тиешеси бар деп көрсөтмө берген:

- Элди уруп, сабап, токмоктоп камап таштады. Бул элдин кыжырын кайнатып, кайра мамлекетке болгон ишенимин кетире баштады. Ошол мезгилде бизди Кудайбергенов угуп калбасын деп коркушкан. Анткени Кудайбергенов ошол мезгилде подвалга кирип алып туруп, команда берип турган. Он экиси күнү бронежилет кийип алып кирип кеткен ошол жерге.

Мындай далилди соттолуучу Зоотбек Кудайбергенов четке какты. Анын айтымында, Жаныш Курбановдун көрсөтмөсүн Аксынын экс-акими Шермамат Осмонов да сотто ырастаган жок. Ал элдин атынан депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы бар кайрылууну Жаныш Курбанов менен депутаттын райондогу жардамчысынын колунан албагандыгын билдирди. Депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралу парламент өкүлдөрү оозеки өтүнүшкөн:

- 4-5 жолу калп айтыптыр. Анын далилдеп берди. Биринчиси 12си күнү Кудайбергенов бронежилет кийип киргенин көрдүм деди. Ал эми Дубанаев ошол жерде болгон, ал айтты он сегизинде Кудайбергенов болгон жок ал жерде деп. Мына калпы чыгып калды. Экинчиси, Кудайбергенов Бекназаровдун эки ишине тең катышты дейт. Кудайбергенов болсо 9-апрелде 2002-жылы өз арызы менен жумуштан бошоп Бишкекке кетип калган.