Ушунча жылдан бери баарын танып келген Жонс 5-октябрь күнү Нью-Йоркто өткөн сотто Олимпиадага даярдануу маалында организмди күчтөндүрө турган допинг дарыларын колдонгонун мойнуна алды. Сиднейдеги Олимпиадада 3 алтын жана 2 коло медаль уткан америкалык спринтер буга чейин калп айтканы үчүн коомчулуктан кечирим сурап, спорт мелдештерине катышуудан баш тартканын жарыялады.