АКСЫ СОТУ: БОЗПИЕКТЕ ЖАРАДАР БОЛГОНДОР ЖАРДАМ ЖЕТПЕЙ КӨЗ ЖУМГАН

  • Ырысбай Абдыраимов
Аксы окуясы боюнча Жалалабатта улантылган бүгүнкү сотто окуянын келип чыгышына себепкер жагдайлар, 17-мартка чейин депутат Азимбек Бекназаровдун тарапкерлерине жасалган кысым көрсөтүүлөр тууралу маселелер талкууланды. Окуяга чейин элдин талабына көңүл бурулбай, пикет-митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүлүп, текшерилбеген маалыматтар аркылуу жарандарды камоо аракеттери болгон. Кандуу жекшемби күнү жол тосулгандыктан октон жараат алгандар райондук ооруканага кеч жеткирилгендиктен шейит кетишкен.
Аксы окуясына чейин Азимбек Бекназаровдун жактоочулары жергиликтүү бийлик алдында дамамат акцияларды өткөрүшкөндүктөн ички иштер уюмдары жарандарга катуу кысым көрсөткөн. Депутат туулуп-өскөн Карасуу айыл өкмөтү менен райондук бийлик тарабынан обладминистрацияга бир канча жолу тапшырылган элдин талабы орундалбай жоопсуз калган. Митингге чыккандарды улуу-кичүүсүнө карабай, бир нече күн бою убактылуу кармоо жайында кармашып, окуяга тиешеси бар делген 112 күбөнүн бири Раимберди Ниеталиевдин айтымында ажатканага да чыгарышкан эмес:

- Эң акырына мени чыгарган. Ошондо ызы-чуу, эч жака чыгарбайт. Кээ бири ажаатканага барам десе да баргызбайт. Аябай кыйналып атышты.

Тартип сактоочулардын райондун тоо бөлүгүндөгү жашыруун өкүлдөрү Бекназаровдун тарапкерлери куралдуу көтөрүлүшкө даярданууда деген маалыматтарды билдирип турушкан. 40 жылкыны уурдаган деген айып менен 30 милиционер Каражыгач айыл тургуну Улан Мырзабековду камоого аракет кылганда аны коңшулары куткарган. Мырзабековдун уурулук жасагандыгы тууралу эч кимден арыз-даттануу түшкөн эмес. Анын айтымында үйүндө күйүүчү зат камдалган деген маалымат жалган:

- Бул баланын күнөөсү жок эмне кармайсынар десе. Бул жылкы уурдаган, ошон үчүн кармадык дейт. Эч кандай кагазы жок жылкы уурдады деген.

Бирок, соттолуучулар менен тартип сакчылары депутаттын камалышына нааразы адамдардын колунда курал-жарак болгондугу тууралу көрсөтмөлөрдү такай айтып келүүдө. Аксы окуясы боюнча адегенде соттолушуп, кийин иштери кыскартылган райондук ички иштер бөлүмүнүн беш жыл мурдагы башчысы Данияр Кулуев менен облустук тармактык башкарманын жетекчисинин орунбасары Абдимитал Калбаев да 17-мартка чейин Карасуу жана Каражыгач айылдарына милиционерлер бара албай калгандыгын жана участкалык милиционердин автоунаасы талкаланганын билдирди:

- Себеби булар куралды топтоп атышат, күйүүчү нерселер даярдалып атат деген маалыматтар болгон.

Алаамат болоор күнү райондо жол тосулуп,.катуу текшерүү жүргүзүлгөн. Жогоруда аталган айылдар менен район борборунун ортосунда унаа каражаттары каттабай калган. Боспиектин боз талаасында ок атылгандан кийин «Тез жардам» машинасынын жарадар болгондорго жардам көрсөтүүсүнө мүмкүндүк берилбеген Уулу 18-мартта октон жараат алган дарыгер Убайдулла Байматовдун айтымында 17-мартта спецназдын жоокерине ок тийгени ырасталган эмес:

- Рентген кылганда жарааты жок, жөн гана эти көгөргөн. Ооруканага калып жатасың десем, жок калбайм, туугандарымдыкына барып жатам деди. Болгону ошол.

Жол тосулгандыктан Камкаян Үркүнбаева эненин Боспикте ок тийген баласы да ооруканага кеч жеткирилип, көз жумган:

- Колуман келбесе эмне кылайын. Кур дегенде жолду буубай койбойбу. Атканын го атып таштады. Маанай жак менен ооруканага алып келдик.