АМАНТУР АКМАТАЛИЕВ 73 ЖАШКА ЧЫКМАК

Кыргыз журтчулугунун таанымал инсаны, педагог-журналист, көркөм өнөр таануучу Амантур Акматалиев тирүү болгондо бул күндөрү 73 жашка чыкмак. Ал 1934-жылы ушул октябрь айында жарык дүйнөгө келген. Кол өнөрчүлүк боюнча ондон ашык эмгектин автору, Мамлекеттик өнөр жайынын отличниги жана Маданиятка эмгек сиңирген ишмер. Замандаштарынын эскерүүсүндө Акматалиев Амантур кыргыз элинин көөнөрбөс кол өнөрчүлүгүн даңазалап, элдик салттуу искусствонун этнографиясын, эне тилдин колоритин сактоо менен анын терминдерине астейдил мамиле жасаган коомдук ишмер болгон.
Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн саналуу талантттардын сабына кирет. “Советтик Кыргызстан” гезитинде кызматкер болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал журналист катары “Ата бала кесиби”, “Кроссберд коюунун мекени” сыяктуу көптөгөн публицистикалык жана илимий популярдык очерктердин автору. 1972-жылы Кыргыз ССРинин жергиликтүү өнөр жайынын борбордук көркөм эксперменттик изилдөө жайын уюштуруп, анын башкы инженери, “Кыял” көркөм кол өнөрчүлүк, чеберлер бирикмесинде өнөр таануучу болуп иштеген. 1993-жылдары “Кыргыздын таланттуу кол өнөрчүлөрү”, “Элдик оймочулук”, “Жасалга өнөр чеберлери” , “Усталар жана уздар”, “Баба салты - эне адеби” деген сыяктуу көптөгөн нускалуу китептерди жазып, кыргыз журтчулугунун кол өнөрчүлөрүнө аттын кашкасындай таанымал болгон

Акматалиевдин өмүрү, чыгармачылык жолу, катаал тагдырдын сыноосунда өмүр кечирген белгилүү адамдардын мисалынан көрсө болот. Ал кыйын турмуштун азабын көзү тирүү кезинде өз көзу менен көрүп, баштан кечирген армандуу тагдыр жыйынтыгын эскерме катары чыгарам деген ниетине жетпеди.

Балким тагдыр буйругу, жакшы адамды көргөндөр жакшына гана эскерип жүрсун дегендир. Анын турмуш тагдыры кыйчалыш келип, танапташ жубайга тушуккан, тайгак жол турмушу башка нукка бурулганда автокырсыкка кабылып, трагедиялуу өлүмү менен бүттү.

-Маркум сырты одуракай болгону менен ички жан дүйнөсү саймалуу бир сулуу эле. “Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок” дегендей үй-жайдан жок калганымда сага жолуктум” деп калаар эле. Анын баарын айтканда не. Анын акыркы учурдагы армандуу сөздөрү мени кыйнай берет. Же өлөрүн билген беле жарыктык киши билбейм. Баое, кишичил, абдан эл ичинде арамдыгы жок ишенчээктигинен өзү айткандай үй-жайсыз калгандыр. Тагдырына танапташ аял затына жолукпай далай азапты тарткандыр дейм. Менден бир кыйла жаш курагынан улуу эле. Адам баласына таандык сонун сапаттарды үйрөтүп, таштап кетти. Ошол кеп-кеңештери мени адам кебетеден чыкпай жашап калууга себепкер болду го дейм. Арбагы мага ыраазы болсун. Карасын кийип, өлум зыйнатын колдон келишинче жасадым. Ар убак колума “карга чычкан” күнү куран окуп, аркы дүйнөдөн көр деп шыбырып, бата кылам. Башка не келет колумдан,- дейт анын жубайы Жумагул айым.

Жумагүл айым өзү чебер экен. Ушул кол өнөрчүлүк экөөнүн тагдырын бириктирүүдө себепкер болгон го. Ал бир топ белгилүү кол өнөрчүлөрдүн атын атап, алар Акматалиевдин ысымын бир жерге коюп, музей уюштуруу жөнүндө сунуш көтөрүп жатышкан айта кетти.

”Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин башкы директору Султан Макашовдун айтымында, алар Амантур Акматалиев чыгарган китептер менен окуучуларды окутуп келе жатышат.

- Кыргыз элин кезип, кол өнөрчүлүк, руханий дүйнө, салттуу улуттук буюмдарды изилдеген Амантур Акматалиевдей башка азыр эч ким чыга элек. Бирок өмүрүнүн акыры армандуу трагедия менен бүттү,- деди Султан Макашов.

“Жакшы адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” деген эл оозунда сөз бар. Анын сыңарындай Амантур Акматалиевдин көзү өткөн соң далай гезит- журналдарда ал жөнүндөгү эскерүүлөрдө тайкы келген тагдыры айтыла калып жүргөнү кейиштүү болбой койгон жок. Коомдогу орду, жасаган эмгектери өтөлгөлүү өмүр эмей эмне? “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” демекчи, оюш-кыйыш келген оомал-төкмөл тагдырды айтуу тыйынга арзыбас дейсиң.

-Амантур Акматалиевди кыргыз кол өнөрчүлөр арасында тааныбаганы жоктур. Салмактуу сүйлөгөн, маданияты терең, ар бир адамдын эсинде сакталып калар, сапаттуу инсан эле. Ал киши болгон үчүн кыргыз журтчулугу улуттук каада- салттарды, улуттук кийим кечени, кыргыз экенин таанып сактап калгандыгында”,- деп эскерет “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин чебери Ишенгүл Аламанова.

Ошентип, кол өнөрчүлүктү ийне-жибине чейин билген чоң адис Амантур Акматалиевди өз мезгилинде илгертен кыргыз чеберлери кармаган буюмдар орду түбү менен жоголуп, кээлери таптакыр унутулуп кеткени өкүндүрүп келген. Мындай айтканда улуттук маданий дөөлөт мурастарын жыйноо түйшүгү анын өмүрүнүн акырына чейин жашаган.

”Амантур Акматалиев бир адамдын эмес, бүтүндөй институттун аткара турган ишин аткарды” -,деп баалаган жазуучу Чоюн Өмүралиев.

Келечек муундарга мурас, таберик, керээз, нуска катары калтыруу талабын өзүнүн алдына милдет кылып койгон инсан бүгүн арабызда жок. Өлбөсө балким далай эмгектер жасалат беле. Залкар акын Байдылда Сарногоев Акматалиевдин кайтыш болгону угуп:

“Козголбос жерден козголдуң досум,
Жок болбос жерден жок болдуң, досум!
Кантейин, Кудай кылганы досум,
Мээме тийген ток болдуң, досум!... деген экен.