БЕТМЕ-БЕТ: О, КОНСТИТУЦИЯ, КОНСТИТУЦИЯ!

21-октябрда жалпы элдик талкууга коюлуп жаткан Башмыйзам жаңы редакциясынын олуттуу өзгөчөлүгү - пропорционал, башкача айтканда, парламентти партиялык тизме боюнча шайлоо болууда. Анткен менен алдагыдай өзгөчөлүктүн артында кандай саясий максат-мүдөөлөр катылган? “Азаттыктын” “Бетме-бет” пикир сынагына “Эркиндик” партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев менен “Атамекен” социалисттик партиясынын төрага орунбасары, парламенттиин вице-спикери Эркинбек Алымбеков катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурган.