Бүгүн Каракол жана Ош шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо башталды. Ош шаарынан билдирген өз кабарчыбыздын берген маалыматы боюнча шайлоочулар добуш берүүгө негизинен активдүү катышып жатышат. Ош шаары боюнча шаардык кеңештин депутаттыгына 79 талапкер катталган. Ал эми шайлоочулардын саны 128 706. Эртең мененки саат 10:00гө карата жалпы шайлоочулардын 11 пайызы же болбосо 14 миң 97 адам шайлоо учаскаларына келишип, өз добуштарын беришти. Шайлоо жүрүп жатат. Ал эми Ысыккөлдөгү кабарчыбыздын маалыматы боюнча Каракол шаарында 128 талапкер ат салышууда. Каракол шаардык кеңешине алардын ичинен 25 депутат тандалмакчы. Бул шаарда депутаттыкка 22 жаштан 62 жашка чейинки адамдар катышууда. Алардын ичинен 12 талапкер 30 жашка чейинкилер. Шаарда 34 миң шайлоочу катталып, 26 шайлоо учаскалары иштеп жатат. Шайлоого 36 аял да катышууда. Ошондой эл алты саясий партия өз талапкерлерин чыгарып жатышат. Саат 14:00 убактысына карата 6 миң 821 шайлоочу добуштарын беришти. Байкоочулар шайлоочулардын аз келип жатканын жаан жаап жатышы менен түшүндүрүп жатышат. Негизги шайлоочулар кечки алтыдан соң келет дешет.(IJz)