Аталган академиянын комиссиясы даарыгерлер жетишсиз Кыргызстандын алыскы райондорунан балдарды тандап келип, бир жыл бою экзаменге даярдашмакчы. Окуу жайдын проректору Рысбек Калиевдин “Азаттыкка” билдиришинче даярдоо курсуна быйыл отуз улан-кыз кабыл алынат жана окутуу иштери 1-ноябрда башталат. (EBM)