Оштогу кабарчыбыздын маалыматына ылайык, эртең менен 8де башталган шайлоого добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү начар. Шайлоого байкоочу катары катышып жаткан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн баамында, азырынча мыйзам бузуулар каттала элек. №312 шайлоо чөлкөмүнүн төрайымы Рано Мамажанованын “Азаттыкка” маалымдашынча, мэрия тарабынан шайлоочулардын тизмеси такталган эмес. “Тизмеде курман болгон адамдардын ысымдары дагы бар”,-деди Р. Мамажанова. Шаардык кеңешке үч мандаттуу он округдан отуз депутат шайланышы керек. Учурда Шаардык кеңештин депутаттыгы үчүн 79 талапкер ат салышууда. (ZMa)