Өзбекстанда Ислам Каримов кайра президенттикке көрсөтүлдү

Либерал Демократиялык партия ушундай чечим кабыл алганын партиянын борбордук комитетинин мүчөсү бүгүн "Азаттыктын" өзбек кызматына маалымдады. Бул чечим эми партиянын ноябрдагы курултайында добушка коюлат. Өзбекстандын конституциясы боюнча президент Каримов үчүнчү ирет президенттик шайлоого катыша албайт.