Бишкектеги республикалык Финансы полициясынын имаратынын жанында Таразда соода кылган кыргыздар үч күндөн бери нааразылык акциясына чыгышып, камалган товарларын кайрып берүүнү талап кылышууда. Ал эми финансы полициясынын кызматкерлеринин айтымында, товарлар контрабандалык жол менен ташылып баратканда кармалган.
Казакстандын Тараз шаарында соода кылышкан алтымышка чукул кыргыз атуулдары үч күндөн бери Республикалык финансы полициясынын жанында нааразылык билдиришип, аталган кызматтан товар жүктөлгөн үч “КАМАЗ” автунаасын чыгарууну талап кылышууда.
Алардын айтымында, Таразда соода-сатык кылышып жан багып жүргөн 400 чукул кыргыз атуулдары “Дордой” базарынан ар кандай эл керектөөчү товарларды алышып, үч “КАМАЗга” жүктөп Таразга жөнөтүшкөн.
Он күн мурда Финансы полициясынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып бараткан жүк катары автоунааларды камакка алышкан. Соодагерлердин көпчүлүгү үстөгү менен карыз алышып, товар алышканын айтышып, финполициянын иш аракеттерине нааразы болушууда.
Таразда соода- сатык кылып үйбүлөөсүн жагып жүргөн Абдымалик Кубатбеков окуяны мындача түшүндүрдү.
-Биз мыйзамдуу түрдө товар салганбыз. Финполиция товарыбызды кармаганына эки жума болду. Болжол менен 120-130 адамдын товары үч “Камазга” жүктөлгөн болчу. Ушул тургандардын 80 пайызы казак туугандардан үстөгү менен акча алып иштетип жаткандар. Алар биздин балдарды барымтага алышын каалабайбыз. Бизге бүгүн- эртең товарыбызды чыгарып бербесе парламентке, Акүйдүн алына нааразычылык акция менен чыгабыз. Бул жерде болжол менен үч жүз миң доллардын товары бар.
-Биз Казакстанда жүрсөк дагы Кыргызстанга акча алып келип, экономикага салым кошуп, салыктарды төлөп жатабыз. Эки жумадан бери товарыбызды ала албай убарабыз,-деди жеке ишкер Сейит Аманкулов.
Каракулжалык Бегайым аттуу ишкер айым дагы Кыргызстанда иш жоктугунан айла жоктон Казакстанда соода-сатык кылып жүргөнүн, эч кандай контрабандалык аракет болбогонун кошумчалады.
Капар аттуу жигиттин айтымында “Тараздагы базардагы орунга үч күн чыкпай калса, эки- үч миң долларга сатылып алынган бир жарым метрлик соода ордун алып коюшат. Таразда эле базарда соода- сатык кылып жан баккан беш миңдей кыргыз бар”.
“Дордой” дүң соода базарында кассалык аппараттар жоктугунан товарлардын чегин алышпаганын айрым соодагерлер моюнга алышып, ар кайсыл жерден алган товарларга финполиция чек талап кылып жатканын айтышты.
Ал эми финансы полициясынын тергөөчүсү Эмил Жамгырчиевдин айтымында бул товарлар контрабандалык жол менен алынып барат. Товарлардын документтери да жоктугун, тергөө жүрүп жатканын, иш сотко ашырыларын айтып, “маселеге сот чекит коет” деди.
-Үч «Камазга» жана эки чиркегичке жүктөлгөн товарлардын документтери жок. Ал түгүл товарлардын тизмесин дагы тактап бербей жатышат. Бул контрабандалык жол менен ташылып бараткан жүк. Ошондуктан бир «Камаздагы» товардын наркы бир жарым миллион сомдон ашат. Мындан сырткары эки машина жана чиркегичтердеги товарлардын баасын, түрүн аныктоо үчүн тергөө тобу иш жүргүзүп жатышат. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко өткөрүлөт.
Соода-сатык кылгандар талаптары аткарылбаса эртең өкмөт үйүнүн жана Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акциясын өткөрө тургандыктарын билдиришти.