12:30 Парламент Конституциялык сот боюнча токтом кабыл алды

Анда депутаттык комиссиянын маалыматын эске алуу, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга толуктуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 1994-1996-жылдары өткөрүлгөн жалпы элдик референдумдар Баш мыйзамды жана 1991-жылдагы "Референдум жөнүндө" мыйзамды бузуулар менен өткөрүлгөндүгү белгиленсин. Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 1995-жылдын 24-апрелинде жана 1995-жылдын 4-сентябрында Конституциялык сотко сунуш кылынган "КР Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча Конституциялык сотунун 1995-жылдын 9-ноябрында кабыл алган чечиминин укукка сыйбагандыгы белгиленсин. КР Президентине Жогорку Кеңеш тарабынан 2007-жылы 18-сентябрында кабыл алынган "КР референдуму жөнүндө" мыйзамына кол коюуну тездетүү жана мына ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында 2007-жылдын 21-октябрына дайындалган жалпы элдик референдумду өткөрүүнү кечирек мөөнөткө жылдыруу сунуш кылынсын,деп көрсөтүлгөн. (AJ)