Франциянын мурдагы каржы министри Доминик Строс-Кан Эларалык валюта корунун башчылыгына шайланды

Испаниялык Родриго Ратону алмаштыра турган Строс-Кан кызматына 1-ноябрда киришмекчи. Кечээки билдирүүсүндө ал фонддо реформалар кечиктирилбестен жүргүзүлөт деп убада кылды.