КЫРГЫЗСТАНГА БАШКАРУУНУН КАНДАЙ ФОРМАСЫ ЫЛАЙЫК?

  • Ырысбай Абдыраимов
Учурда өлкөнү башкаруунун формасы тууралуу талаштын башы ачыла элек. Башкаруунун түрү тууралуу Баш мыйзамдын долбоорунда президенттик-парламенттик формасы көрсөтүлгөн. Бирок, саясий партиялар парламенттик башкарууну жактаса, бийликчил адамдар президенттик башкарууну ылайык көрүшүүдө.
Коомчулукту референдум алдында өлкөнү башкаруунун ыкмалары тууралуу суроо көйгөйгө салууда. “Эркиндик” партиясы өлкөгө президенттик башкаруу ылайыктуу экендигин жар салып келатат. Жалпы элдик талкууга коюлуп жаткан баш мыйзамдын долбоорунда өлкө президенттик-парламенттик башкарууну карманаары тууралу көрсөтүлгөн.

Облустук аялдар Кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанованын пикиринде мындай ыкмада иштөө баш аламандыкка алып келет. Президенттик башкаруу болсо, эл шайлаган бир киши өлкө үчүн жооптуу болот. Башкаруунун парламенттик түрүнө анын болжолунда коом даяр эмес.

- Президенттик башкаруу азыркы учурдун талабы болуп турат. Парламенттик-президенттик боло турган болсо дагы элде баягыдай баш аламандык болуп кетишине эч бир кепилдик жок. Себеби, коом бышып жетилген жок. Азырынча парламенттик башкарууга жете элекпиз. Ага дагы жарым кылым бар го деген ойдомун. Президенттик башкаруу боло турган болсо бир киши башкарат дагы ошол кишиден эл сурап алат,- дейт Айчүрөк Мамажанова.

“Ата Мекен” партиясынын Базаркоргон районундагы төрагасы Олжобай Боронбаев мындай пикирге макул эмес. Анын баамында президенттик башкаруу кандай жоопкерчиликсиз доорго туш кылаарын өткөн бийликтин тагдыры далилдеген. Коомчулуктун, парламенттин көзөмөлү болбосо, ал ыкма үй-бүлөлүк башкарууну күчөтөт. Ошондуктан референдумга чыгарылган Баш мыйзамдын долбооруна Боронбаев парламенттик башкарууга өтүү керек деген өз оюн сунуш кылды. Парламент бийликтин кемчилигин сындап, анын мыйзамсыз иштерине жол бербей турат.

- Парламенттик-президенттик башкарууну көрдүк. Биз парламенттик башкарууга келгенде парламент бул эл өкүлдөрү, президенттин дагы, өкмөттүн дагы, аткаруу бийлигинде иштегендердин аткарган иштерин көзөмөлдөп, теске салып турат. Ошондуктан биз парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Конституцияга азыр парламенттик-президенттик башкаруу деп жатышат. Мындай болбойт. Парламенттик гана башкарууну киргизиш керек өтө турган Конституциялык реформага, - дейт Олжобай Боронбаев.

Жалалабат шаарынын тургуну Узакбай Маматкуловдун көз карашы боюнча парламенттик башкаруунун да элдин үмүтүн актачудай түрү жок. Эски доордо шайланган азыркы парламент көбүнчө саясий оюндарга алаксып, шайлоочуларынын маселе-көйгөйүнө азыраак көңүл буруп калган чак. Башкаруунун президенттикпи же парламенттикпи, кайсы ыкмасы болсо да , өз көмөчүнө күл тартат. Башкаруунун эки түрү бирдей иштегенде алар бири-биринин мүчүлүштүгүн оңдоого аракет кылат.

- Ал президенттик башкаруу үй бүлөлүккө айланып кетип, азыр эл ичинде ушундай коркунуч пайда болгон. Президентке да толук ыйгарым укук туура болбойт го деген. Парламентти да көрүп жатабыз. Кичинекей эле бир маселени чече алышпайт. Менин оюмча бүгүнкү күндө президенттик-парламенттик болуп эки тараптуу башкаруу болсо элибизге туура келеби деген ойдомун. Талкууланып жаткан маселелер эки тараптуу болуп каралып, туура эмес жерин президент көзөмөлгө алып, ал эми президенттикин болсо парламент көзөмөлгө алып, иш алып барса, эл үчүн бир топ эле жакшы болот го деген ойдомун,- дейт Узакбай Маматкулов.

Элге кызмат кылаарын такка олтурганда жар салган бийликке көпчүлүктүн көңүлү кайдыгер. “Ата Мекен” партиясынын облустагы төрагасы Садыралы Эргешов жаштар менен жолугушканда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы үчүн бийликтин бир да бутагы жооп бербей калганын айткан. Анын болжолунда парламенттик башкаруу орноп, Жогорку Кеңеш өкмөттү түзө турган болгонго чейин өлкө үчүн эч ким жооптуу болбойт.

- Ишенесиңерби, ушул бойдон кетсек бийлик элге кызмат кылабы. Же силер аларга кызмат кыласыңарбы. Биздин максат айтып кеттим. Парламенттик-президенттик. Азыр экономикага жооп берет ким? Президентпи же премьер-министрби? Экөө тең жооп бербейт. Алар бири-бирине шылташат,- дейт Садыралы Эргешов.