РЕФЕРЕНДУМ ТАЗА ӨТӨБҮ ЖЕ... ?

Жакында боло турган референдум кыргыз коомчулугунда бир топ талаш-тартыштарды пайда кылууда. Бийлик менен оппозициянын ортосунда кайрадан тирешүү күчөп, кайчы пикирлер айтыла баштады. Мамлекеттин күчтүү машинасы ишке киришип, үгүт иштерин жандандырып жатат. Ал эми оппозиция эми гана эсин жыйып, элге чыгууга аракеттенүүдө.
Алдыда өтө турган референдумга бийлик тарап да, оппозиция тарап да өзгөчө маани берип жатат. Айрым аналитиктер президент тарабынан сунушталып жаткан Башмыйзамдын жаңы редакциясын референдумга алып чыгаруу - Ак Үйдүн бийлигин бекемдөө, реформа деген шылтоо болду деген көз караштарын айтышууда.

Референдум алдында эл менен жолугушуп, Чүй облусун кыдыруу менен баштаган мамлекет башчысы, элдин добушуна коюлуп жаткан Конституциянын жаңы редакциясынын «эң мыкты даярдалганын, оппозициянын талаптарын эске алынганын» билдирүүдө. Бирок Кыргызстандагы көптөгөн саясый партиялар, коомдук жана бейөкмөт уюмдар Башмыйзамдын ушул калыбында кабыл алынышынан кооптонушуп, расмий пикирлерин, сунуштарын билдире баштады. Эл аралык уюмдар азырынча иликтөө иштери менен алек болуп, мамилесин ачык билдиргенге үлгүрө элек. Кыскасы, референдум өтө турган күн аныкталгандан бери коомдо чыңалуу күчөй тургандай жагдай түзүлгө турганын айткан аналиктер бар.

Парламенттин айрым депутаттары референдумду артка жылдыруу маселесин да көтөрүп жатат. Бирок, бийлик азырынча баштаган ишинен артка кайтчудай түрү жок. Референдумга коюлган эки маселени элге түшүндүрүш үчүн президент Курманбек Бакиев өзү баш болуп, активдүү аракетин баштады. Айрым маалыматтарга караганда, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн аткаруу бийлиги толук даярдыктарды көрүп, Бишкектеги жооптуу кызматкерлер ар кайсы райондорго бөлүштүрүлө баштады. Айрым эксперттер бийликтин жүргүзүп жаткан мындай аракеттерин көрүп, референдумдун жыйынтыгы кандай болоору тууралуу ойлорун эмитен эле ачык билдирип жатышат.

Социал- демократия партиясынын мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде референдум 2005- жылдагы президенттик шайлоо сыяктуу таза өтөт. ”Эч кандай административдик күчтөр колдонулбайт, бирок референдумдан кийинки парламенттик шайлоодо бийлик бардык ресурстарын колдонот”,- дейт Адил Турдукулов.

Парламент депутаты Айдарбек Керимкуловдун айтымында баш мыйзам тууралуу сунуштарды талкуууга алуу зарыл болчу. Ошентсе да эл референдумду колдойт. Андан кийин экономиканы көтөрүү үчүн бийлик бутактары иштеши керек, дейт эл депутаты.

Бирок, азырынча парламент депутаты Өмүрбек Текебаев сыяктуу ачык эле: «элдин добушу мурдакыдай эле көбөйтүлүп берилет. Орусия, Казакстанда жүргөн атуулдардын баары референдумга катышкан болуп эсептелип калат. Таза өтпөйт», - деген пикирге үн кошкон депутаттар да бар. Ага карабай, көпчүлүк эксперттер алдыдагы референдумда шайлоочулардын «макул» деген добушу 75 пайыздан төмөн болбостугун алдын ала айтып, пикирин билдирип жатышат.

Анткен менен эки жылдан бери эл таптакыр өзгөргөнүн, 2004- жылдагы ыңкылап, ноябрь, апрель митингдери ага зор түрткү бергенин аналитиктер эскертишүүдө. Жыйынтыктап айтканда, алдыдагы референдум мурдакыдай эле бийлик каалагандай натыйжа менен алардын пайдасына өтөөрүн, калыстык болбой добуштар көбүртүлүп жасалаарын карапайым калк өкүлдөрү ачык айтышуууда.

“Адвокат-профи“юридикалык компаниянын жетекчиси Баурбек Жээнбековдун пикиринде президент өзү Баш мыйзамды бузуу менен референдумду белгиледи.
Ошондуктан анын айтымында референдум таза жана калыс өтпөйт.

Мына ушундай пикирлерди Бишкек шаарынын тургундары Гүлсара Исаева менен Динара Карыбаева да айтышып, эл кыйналып, баалар жогорулап жатса, карапайым калктын референдум менен иши да болбойт деп жатышат. Экс- президент Аскар Акаевдин учурундагыдай эле Баш мыйзамды каалагандай өзгөртүп, бийлигин чыңдоо, партиялык тизме менен шайлоого баруу максатын гана көздөп жатат дешти.