Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн натыйжасында бүгүн УТРКнын Байкоочулар Кеңешине көрсөтүлгөн 30 талапкердин ичинен төртөө шайланды. Алар: Улуттук филармониянын директору Керим Турапов, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин директору Гүлнара Ибраева, БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова жана азыр эч жерде иштебеген Мыктыбек Өмүрзаков болду. Байкоочулар Кеңешинин калган мүчөлөрү эртең экинчи турда шайланат. УТРКнын Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат. Алардын бешөөн президент, бешөөн Жогорку Кеңеш жана калганын коомдук уюмдар көрсөтөт.
УТРКны коомдук башкарууга өткөрүү жөнүндө мыйзамды иштеп чыккан депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, Байкоочулар Кеңеши шайлангандан кийин УТРКнын башкаруу жана уюштуруу иштерин бийлик органдарынын кийлигишүүсүз өздөрү чечкенге укуктуу. Байкоочулар Кеңеши УТРКнын башкы директорун сынак жолу менен тандап алат жана мамлекеттик телеканалды өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгат.
«Бул кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхындагы өтө орчундуу окуя деп ойлойм. Буга чейин ал бир гана аткаруу бийлиги тарабынан башкарылып келсе, мындан кийин аны башкарууга коомчулук катыша алат. Байкоочулар Кеңеши президенттен, өкмөттөн, парламенттен да көз карандысыз түрдө өзүнүн регламентин даярдап, өздөрүнүн төрагасын шайлап, андан кийин өздөрү УТРКнын башкы директорун дайындашат»,- деди Каныбек Иманалиев.
Мамлекеттик телеканалды коомдук башкарууга өткөрүү оппозициядагы саясий күчтөр тарабынан бийлик алдына дембе-дем коюлуп келген орчундуу талаптардын бири болчу. Анткени, мамлекеттик телеканал бийлик башындагы адамдын гана таламын талашып, оппозициядагы саясатчыларды каралоонун куралы болуп калганы коомчулукта катуу сынга алынып келаткан. Өткөн жылы ноябрдагы митинг акциялардын учурунда бул маселе өтө курч коюлуп, миңдеген адамдар УТРКнын ишине нааразы болуп, бир нече жолу анын имаратын көздөй жөө жүрүш уюштурушкан. Ушул жылы апрель акцияларынын алдында К. Бакиев оппозициянын талабына баш ийип, УТРКны коомдук башкарууга өткөрүү жөнүндө Жарлык чыгарган. Ал Жарлыкка ылайык УТРКны башкаруу Байкоочулар Кеңешинин колуна өткөрүлөт. (KCh)