ФЕЛИКС КУЛОВ: РЕФЕРЕНДУМ – АПРЕЛЬ АКЦИЯЛАРЫНЫН ЖЕМИШИ

«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронту өзүнүн милдетин өтөп бүттү. Ушинтип билдирген «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов муну Конституциянын жаңы редакциясынын референдумга чыгарылышы менен негиздеди. Апрель митингдери президент Курманбек Бакиевди саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн конституциялык реформага барууга аргасыз кылды деп билдирди. Кулов президентти ошондой эле абсолюттук бийликке жетүүгө умтулуп жатат деп сындады.
«Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов 25-сентябрда уюштурган маалымат жыйынында президенттин Конституциялык реформаны өз мойнуна алгандыгын баалабай коюуга болбойт деп билдирди. Ошол эле учурда саясатчынын көз карашында долбоорду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн максималдуу пайдаланды:

-Конституцияны ушул турушу менен кабыл алууга болбойт. Анткени, азыр иштеп жаткан 2003-жылкы Конституцияга салыштырмалуу президенттин укуктары кыйла кеңейтилген. Эгер президенттин укуктары 2010-жылга чейин бекисе, ал легитимсиз болуп калат. Анткени, укуктарды керек болсо Эмгек Кодексинде да көбөйтпөш керек. Бул жаңы кызмат. Ошондуктан, адам кайра дайындалышы же кайра шайланышы керек.

Кулов долбоордо президент абсолюттук бийликке чейинки укуктар берилген дейт. Башкача айтканда, президенттик укуктар партиялык башкаруу аркылуу ого бетер бекемделип калган. Бул бир партиялык системага кайтып барууга тыюу салган декларацияны бузат. Мыйзамда мамлекеттин башында турган адамга партияны башкаруу укугу көрсөтүлгөн эмес:

- Парламент өкмөттү түзөт, президент сотторду дайындайт. Ошентип, иш жүзүндө президентте абсолюттук бийлик болот.

Феликс Куловдун баамында долбоордо Жогорку Кеңештин да, президенттин да жоопкерчилиги кичирейтилген.

Президент Курманбек Бакиев мындай деп эсептебейт. 19-октябрдагы калкка кайрылуусунда белгилегенге караганда, жаңы долбоордо бардык бийлик бутактарынын жоопкерчилиги күчөтүлдү жана бул элдин талабы болду:

- Ар бир саптын артында элдин пикири, анын ичинде оппозициянын, адистердин, бир нече жумушчу топтун эмгеги турат. Мен болгону референдумга ошол пикирди чыгаруу укугумдан пайдаланып жатам. Реформанын башкы максаты бийлик укуктарын эмес, адам укуктарын коргоо, бийликти бөлүү эмес, бийлик жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Экс-премьер министр Феликс Кулов референдумда Баш мыйзамдын жаңы долбоору колдоо табарына бекем ишенет, бирок, долбоордон прогрессивдүү күчтөр белгилеп жаткан өксүктөрдү жойбосо, президенттик шайлоонун алдында бул президенттин өзүнө каршы чыр-чатактуу маселелерге негиз болушу мүмкүн дейт.