12:44 «Ар-Намыс» партиясы америкалык базага каршы чыкпайт

Партия лидери Феликс Куловдун билдиргенине караганда, Ооганстанда кырдаал курч болуп турган шартта Кыргызстанда АКШнын аба-аскерий базасын убактылуу кармап туруу максатка ылайык келет. Ошондой эле Кулов «Ар-Намыс» Россия менен Кыргызстандын теңата союз түзүүнү колдогон позицияда кала берерин билдирди. (BuS)