БАТЫШ ИРАК КАЧКЫНДАРЫНА КАЙДЫГЕР

Көп сандаган ирак качкындарына караманча кайдыгер карап жатканы үчүн Батыш өлкөлөрүн эл аралык мунапыс уюму - Amnesty International сынга алды. Уюмдун атайын билдирүүсүндө бу проблема гуманитардык олуттуу кризиске айланганы белгиленет. Коопсуз жай идеп, жер которгонго аргасыз болгондор санын Amnesty International болжол менен төрт миллиондон ашты деп эсептейт.
Amnesty Internationalдын додомол санактарына караганда төрт миллион качкындын теңинен ашыгыраагы Ирактын өзүндө,калгандары сыртта. Сирияга өтө качкандары - 1,5; Иорданияга барып баш коргологондор - 0,5 миллионго жетет. Бул эки өлкө эми ирактыктарга виза режимин киргизгени жатышат. Алардан тышкары Египетке, Иранга,Ливанга,Түркияга,Перси булуңундагы башка өлкөлөргө сүрүлүп кеткендер да жарым миллионго чамалап барат. Ал эми Батышта канча ирак качкыны бар?

“Бир канча миңге жетет,европалык өлкөлөрдү кошкондо,алар бардык жерде бар. Бирок так жана толук цифраларды айтыш кыйын,анткени кишилер Ирактан күн сайын кетип жатат, алардын саны күн сайын өсүп жатат”, - дейт Amnesty Internationalдын өкүлү Никол Шуэри. Ушул себептен улам Amnesty International гуманитардык кризиске айланып бараткан бу проблемага эл аралык коомчулуктун назарын бурууну көздөп, атайы доклад таркатты. “Бу жерде эл аралык коомчулуктун колунан келер, жасоого милдеткер көп нерселер бар. Атап айтканда, көп өлкөлөр, анын ичинде АКШ өз учурунда Ирактан Сирияга жана Иорданияга баргандарды байырлатып, жайгаштыруу үчүн Улуттар Уюмунун качкындар комиссариатына акча жактан көмөктөшкөнгө сөз беришкен, бирок алар бөлгөн каражат эчтемеге жетпей жатат”, - дейт уюмдун өкүлү.

Бул аз келгенсип, Батыш өлкөлөрү,өзгөчө Британия, Германия, Греция, Нидерландия, Польша жана башкалар кара башын калкалап калганы келген ирактыктарга каралашмак түгүл аларды ар кайсыга шылтоолоп, кайра өз жерине кайтарып жибере башташты. Вашингтон болсо Ирактан жети миңдей кишини кабыл алганга даяр экенин быйыл февралда ырастаган, арадан сегиз ай өткөн соң болгону 2 миңдей гана качкынга уруксат берерин айтууда.

Ирактагы гуманитардык балааматка Батыштын тикелей жоопкерчилиги барлыгын эске салып, Amnesty International эл аралык коомчулукту бул кризисти ооздуктап калганга дале болсо убакыт кеч эместигин эскертет.

Уюмдун докладында 1948-жылы арап-израил жаңжалынан бери Жакынкы Чыгышта масштабы жагынан мынчалык массалык үркүн боло электиги белгиленет. “Региондун өз проблемасы деле башынан ашат. Ага дагы бир кризис кошулганда, Жакынкы Чыгышта абал ого бетер оорлошуп, алааматка айланып кетиши ыктымал. Ошону үчүн эл аралык коомчулук Ирак өкмөтү, Улуттар Уюму, региондогу өлкөлөр менен биргелешип бу проблеманы чечүүгө тийишпиз”,- дейт Шуэри.