Жаңылыктар Фидел Кастро теледен чыгып сүйлөдү 22-Сентябрь, 2007 Бул - Кубанын ооруп жаткан президентинин үч айдан ашык убактан бери биринчи жолу теледен интервью бериши. 81 жаштагы Кастро жай сүйлөп жатты, анын сырткы көрүнүшүндө июнь айында теледен чыккандан бери көп өзгөрүү болгону байкалган жок.