Ошто Жогорку Кеңеш депутаты Даврон Сабиров азыркы учурдагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, Кыргызстан президенти 21-октябрга референдум жарыялабаса, акыбал чындап оорлошмок деп билдирди. Анын пикиринде, ошого дейре парламентти таркатуу демилгеси туура эмес. Парламент өзүн-өзү, же президент гана таркатканга акылуу. Д. Сабиров экөө тең мындай кадамга барбайт деп ишенет. “Эмгек жана биримдик” партиясынын Ош облустук төрагасы Марат Сулайманов азыркы Жогорку Кеңеш саясий оюндардын чордонуна айланды, эл менен чатагы жок, мөөнөтүнөн мурда кеткени оң деп эсептейт. (АТо)