БАКЫТ БЕШИМОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ САЯСАТТЫН КУРАЛЫ БОЛУП КАЛГАН

«Азаттыктын» таңкы уктурууларында саясат таануучу Бакыт Бешимов менен маектешүү 2006-жылы ноябрь жана декабрь Конституцияларын жокко чыгаган Конституциялык Соттун чечими жана Президент К. Бакиев тарабынан сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жөнүндө болду.
- Конституциялык соттун өткөн жумадагы чечими, президенттин референдум өткөрүү тууралу жарлыгы күтүүсүз окуя катары кабыл алынып атат. Кечээ парламентте айрым депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорун референдумга коюу мыйзамсыз деп айтып чыгышты. Ошол эле учурда кээ бир парламент мүчөлөрү президенттик администрация парламентке чабуул баштады деп эсептеп, ага жооп кылууну сунуштап чыгышты. Айтсаңыз мунун аягы эмнеге алып келүүсү мүмкүн?

- Мунун түбүндө бир гана нерсе жатат, келерки президенттик, парламенттик шайлоого даярдык болуп жатат. Жалпысынан Кыргызстандын саясий аренасында азыр үч саясий топ бар. Азыр ошол топтордун ортосунда жүрүп жаткан саясий күрөш. Ошондуктан, Конституциялык соттун чыгарган чечимине таңкалбай эле коюш керек. Анткени, Конституциялык соттон азыркы учурда, мурда деле 17 жылдан бери көрүп атабыз, ар нерсени күтсө болот. Учурунда ноябрдагы Конституцияны кабыл алып атканда Конституциялык Соттун төрайымы өзү келип туруп, эмнени сүйлөгөнүн кыргыз эли жакшы билет. Андан кийин дагы конституциялык жалпы реформаларды өткөрөбүз деп туруп канча мыйзам бузуулар болду, ага эч кандай комментарий берилген эмес. Анан азыр эле ушундай чечим чыгып калды. Канчалык туура, же туура эмес бул жөнүндө сиз айткандай өзүнчө талкуу кетип атпайбы. Ошондуктан Конституциялык сот жана башка соттор саясий курал катары 15 жылдан бери пайдаланылып келе жаткан. Учурунда билесиздер, Акаевдин үчүнчү мөөнөтү деп чечим кабыл албады беле. Ошондо эле ага чекит койгондо, Кыргызстанда саясий абал мынчалык ирип-чирип кетпейт эле. Азыр деле ошондой саясий практиканын уландысы болуп жатат деп ойлойм.

- Сиз айтып кеттиңиз топтор деп, түшүндүрүп кетсеңиз кандай саясий топтор?

- Биринчиден, азыркы учурда негизги топтун башында, албетте, президент турат жана президентти колдогон адамдары. Булар бийликтин иерархиясын куруп туруп бийликти күчөткүсү келет. Азыр байкасаңыз болот Конституциялык Соттун чечимине ким кандай баа берип жатат. Мисалы алар айтып атат: туура чечим кабыл алды, эми бийликти бир жерге топтоп туруп реформа жасаш керек дейт. Экинчи топ ошол эле парламентте жана парламенттен сырткары башка партиялардын ичинде. Бирок алар азыр Конституциялык Соттун чечимин жокко чыгарабыз деген аракетте болуп атат. Үчүнчү топ болсо карап турат азыркы учурда, балким саясий чечимдин негизинде шайлоолор болсо биз ага кандай даярдык көрөбүз деп. Кыскача айтканда, кечээки саясий атаандаштар азыркы учурда саясий шериктер болуп калды. Кечээки саясий шериктештер азыркы учурда саясий душмандар болуп жатат. Келерки эки айдын ичинде Кыргызстандын ичинде жалпы саясатта ким кандай позицияны карманат, даана болот деп толук ишенем.

- Ушундай Баш мыйзам Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылып, бир жумага жетпеген кыска мөөнөттө жаңы долбоордун сунушталышы дүйнөлүк практикада барбы?

- Албетте, бул өтө шашылыш түрүндө болуп жатат. Эч болбогондо 3 ай мөөнөт берип, ошону жалпы талкуулап, анан референдумга чыкса болот эле. Дүйнөлүк практика менен салыштырып көрсөңүз ар кандай. Бирок Кыргызстанда бир жарым жылдын ичинде Конституцияны кайра-кайра реформалайбыз деген менимче сейрек кезигет, чынын айтканда өкүнүчтүү болуп жатат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.