АКШ Иракта 8 жайкын тургун мерт болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Мамлекеттик катчы Конадализа Райс Ирак премьер-министри Нури аль-Малики менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Багдадда америкалык күзөт агенттигинин кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн делген 8 адамдын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Райс ошондой эле бул окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы Ирак өкмөтүнө берилээрин убада кылды. Эки күн мурда Багдаддагы атышууда 8 адам курман болуп, атышка америкалык «Блэкуотер» агенттигинин да тиешеси бардыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ушундан улам Ирак бийликтери АКШнын бул өлкөдөгү дипломаттарынын коопсуздугун камсыздоочу агенттиктин лицензиясын чакыртып алган.