ЧЕК АРАДАГЫ ТАЛАШТУУ АЙМАКТАРДА КУРУЛУШКА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактык саясаттын маселелери Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий иш сапарынын жүрүшүндө 18-19-сентябрда талкууланмакчы. Алардын эң маанилүүсү – тактала элек чегара аймактарында бир тараптуу курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу келишим болмокчу.
Тажикстан президентинин расмий сапарынын учурунда чегара, суу жана жайыт маселелери талкууланып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин жолугушуусунда маалымдалды.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Эднан Карабаевдин айтымында эки президент Эмомали Рахмон менен Курманбек Бакиевдин эртеңки жолугушууларынын күн тартиби такталып, беш бөлүктөн турган маселелерди талкууга алышты.

- Эки тараптуу экономикалык, маданий кызматташты жана чегара маселелери такталып, чечилмейин ал аймактардагы курулуштарды убактылуу токтотуу, жайыттарды ижарага берүү, суу саясатына байланышкан маселелер киргизилген. Алардын чегинде биргелешкен төрт документ кабыл алынаары болжолдонууда.

Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин пикиринде эки өлкөнүн президенттери достук, бир туугандык маанайда болгондуктан бардык маселелерди эки тарапка пайдалуу, калыс чечүүгө аракет кылышат.

-Айрыкча экономикалык кызматташуу маселеси эки өлкөнүн кызыкчылыктарына дал келгендей, эки тарапка пайда бере тургандай болмокчу.



Кыргызcтандын Тажикстандагы мурдакы элчиси, мурдагы коопсуздук катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында Борбор Азияда суу башы болгон Кыргызстан менен Тажикстандын көйгөйлөрү да бирдей.

-Ошондуктан кызматташуу маселелери комплекстүү чечилсе, чек ара маселелери оңой жөнгө салынат. Суу ресурстарын пайдаланууну, электр энергетика саясатын жөнгө салып алышса гана эки тараптын экономикасына дагы таасирин тийгизет.

Сентябрдын башында парламент депутаты Мурат Жураев Баткен облусунун аймагындагы талаштуу делген жерлерге Тажикстандын атуулдары курулуш иштерин жүргүзүп, мектеп куруп жатканын, айрым айылдарга алар көчүп келип, айдоо жерлерди ээлеп алышканын айткан болчу.

- Лейлекте үч ирет болуп келдим. Лейлекте эле 680 гектар жерди тажиктер ээлеп алышты. Ал эми Баткенде 3 миң гектар жерди алар басып менчиктеп алышмак болду. Бул аймактарды биз талаш жерлер деп жатсак, бирок Тажикстан бул жерлерге курулуш иштерин жүргүзүп, ал түгүл мектеп дагы куруп жатат. Эмен үчүн биздин өкмөт үнүн дагы чыгарып койбойт?! Баткен тарапта 3 миң гектар жер тажиктерге өтүп кетти, аны кайтарып алууга болбойт.

Мындан тышкары 6-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинде дагы чегаралардагы абал талкууланган болчу.

Коңшу мамлекеттердин ортосунда дипломаттык мамиле 1993-жылдын 14-январында түзүлгөн. Мындан алты жыл мурда Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон Кыргызстанга расмий сапарда болгон.