ОШТО ТЕРРОРЧУЛАРДЫН АЙЫНАН ТОПОЛОҢ ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛБЫ?

Ошто террористтик жана экстремисттик маанайдагы топтордун катышуусунда дестабилизация болушу ыктымал. Буга дин өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы, мыйзамдардын борпоңдугу өбөлгө түзүүдө дешет адистер.
Казыяттан алынган расмий маалымат боюнча ушул тапта Ош облусунда 554 мечит, 16 медресе мусулмандар кызматында. Ал эми бейрасмий кабарга таянсак, ар кимдин каражатына билинбей салынган диний мекемелердин саны миңден ашат. Бирок, мамлекет тарабынан бардыгы тегиз көзөмөлдөнбөй жаткандыгы айтылууда. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкери, милициянын подполковниги Шухрат Маматалиев азыркыдай ыргак улантылса, дестабилизация сөзсүз болоорун баса белгилеп, терроризм жана экстремизм боюнча күнөөлөнгөндөргө жазаны күчөтүүнү Кыргыз парламентине дагы бир ирет кулак кагыш кылды.

- Азыр диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иштеп жатабыз. Ал боюнча учурда жаза жагы бош болуп жатат. Себеби, диний экстремизм боюнча камалган адамдар айып пул менен чыгып кетип жатышат. Парламенттен дагы суранаар элек жазаны күчөттүрсө, жакшы болот эле.

Ош облус казысы Сүйүн Калыков да азыркы кырдаалга кабатырланган тейде сүйлөдү. Дин кызматкерлеринин чала сабаттуулугун, экстремисттик күчтөрдүн өкүлдөрү астында алсыздыгын моюндады:

- Бүгүнкү күндө облуста диний кырдаал боюнча кооптоно турган жагдай бар. Биринчиден “Хизб-ут-тахрир” партиясы боюнча, экинчиси, дабатчылар партиясы жана башка диндер боюнча маселелер бар. Имамдар өзүнүн үй бүлөөсүнөн чочуп жатышат. Аларга каршы сүйлөп койсо, машиналарына жазып койгон. “этият бол, мындай сүйлөбө” деген сыяктуу. Алар унчукпай сүйлөбөй калган. Бул негизги биринчи коркутуп, үркүтүү болгон. Экинчиден, алар менен маселе талашып, казыят талашууга туура келип жатат. Бул учурда кээ бир айылдардагы имамдардын билим деңгээли төмөн болуп жатат.

Ал эми «Хизб-ут-тахрир» партиясынын Карасуудагы лидерлеринин бири Дилербек Жумабаев мурунку да, азыркы да бийлик “Хизб-ут-тахрир” ондогон жасалма душмандарды ойлоп таап, элди бекер эле алаксытып жатышкандыгын кыйытты.

Кайсыдыр бир дин агымын тандап алган жарандардын укугун чектөө, кылмыш жагынан куугунтуктоо жакшылыкка алып келбейт, тескерисинче, тынч жаткан калкты коозутат деген пикирде.

Чоңалайлык дабатчы Салахитдин Тойчуев талапташтарынын оюнда бузуку саясат жоктугун, алардын проблемасын коопсуздук Кеңешинин деңгээлине дейре көтөрүп, муфтий жана дин агенттиги мамлекет жетекчилеринин башын айлантып жатышкандыгын күйүнүп айтты:

- Дабатчылар саясатка киришпейт. Кыскасы Алланын беш парзын аткаргыла деп чакырышат.

Дин агенттигинин директорунун кеңешчиси Шамшыбек Закиров чындап эле дин кызаматкерлеринде жоопкерчилик болбой жаткандыгына тызылдады. Экстремисттик идеяларга сугарылган агымдарга жаштар кошулуп, бийликке келиши ыктымалдыгын, мамлекеттин коопсуздугуна анык коркунуч туудураарын канкакшады:

- Булар ачыктан ачык бийликке, шайлоо процесстерине кийлигише башташты. Бийликке асыла баштагандан кийин мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Өткөн жылкы Баткендеги, Оштогу, Жалалабаттагы окуялар бекеринен болгон эмес. Бул бизге кандайдыр бир эскертүү болгондой болуп жатат. Бул жөн жерден болбойт. Бул жардыруулар биздин арабызда экстремисттик күчтөр бар экенине далил берип турат. Коркунуч бар.