19:34 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында кабыл алынган конституциялардын жокко чыгарылышы менен өкмөттөн кызматтан кетпейт

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Роза Даудова билдирди. Анын айтымында, өкмөт иштөөгө көбүрөөк аракеттенет. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин билдирүүсүнө караганда, президент Курманбек Бакиев конституциялык реформа жана конституциялык соттун чечимдерине карата пикирин 19-сентябрда Кыргызстан калкына жана Жогорку Кеңешке кайрылуусунда билдирет. Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев “Конституциянын жаңы редакциясын” жокко чыгаруу анын антиконституциялык экенин көрсөтпөйт. Ошондуктан декабрь конституциясы күчүндө турганда кабыл алынган чечимдер, дайындоолор конституциялык бойдон калат, деп белгиледи. (AiT)