Улуттук коопсуздук комитети 11-сентябрда Жалалабатта өзбекстандык террорчу кармалганын жар салды. Ал кармоо маалында граната жардырмак болгон. 28 жаштагы Жамалиддин Абдумажитов аттуу киши былтыр облус борборунда атып өлтүрүлгөн беш террорчу башчысынын оң колу жана ИДУнун активдүү мүчөсү болгону айтылууда. Коопсуздук кызматы ИДУ менен “Хизбут тахрир” жашыруун уюму тилектеш жана кызматташ экендигин билдирип келатат, ал эми хизбутчулар мындай пикирди четке кагышууда.
Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы таркаткан маалыматтарга ылайык облуста кармалган 28-жаштагы өзбекстандык Жамалиддин Абдумажитов былтыр Жалалабатта "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрү аталган беш кишинин шериги болгон. Алар атып өлтүрүлгөндөн кийин издөөдө жүргөн. Ага 2006-жылы курман болгон МАИ инспекторун өлтүргөн жана “Ош жаңырыгы” гезитин жардырган деген кине коюлууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган мезгилинде өткөн жылкы өлгөн баш жоокесептин оң колу болгон деп саналган беш кличкалуу бул киши Жалалалабатта адамдарды дарыламыш болуп, былтыр өлгөн шериктери үчүн өч алууну көздөп, өз тобуна адамдарды тартып, Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемендик күндөрүндө террордук актыларды жасоого камынган болуу керек деген түкшүмөлдөр да чыкты.
Жогорку кызматтагы адамдарга кол салууга аракеттенип жүргөн деген маалыматтар пайда болду.
Аны колго түшүргөн улуттук коопсуздук башкармасынын жетекчиси кызматтык сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу ага кандай айыптар коюлганы тууралу маалымат алууга мүмкүндүк болбоду. Бирок, башкарма Равшан Балтабаев буга чейин үзөнгүлөш болгон “ИДУ” менен диний экстремисттик “Хизб ут тахрир” уюмунун максаты Борборазия аймагында Ислам Халифатын куруу болгондуктан аларга каршы коомчулукту жардам берүүгө жана жаштарды жашыруун уюмдардан этият болууга чакырган:
- Астына койгон максат боюнча «ИДУ» дагы, «Хизб-ут тахрирлер» дагы исламдык халифат курабыз деп атат Борбор Aзияда. Булар элдин арасында жүрөт. Элге мен кайрылат элем, жардам бергиле бизге маалымат боюнча, жаштарды киргизбешке.
Тероррчулукка каршы күрөш ушу тапта облуста токтогон жок.Облустук бийликтин бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешовдун айтымында террорчулукта күмөндөлгөн адам кармоого баргандарды граната менен жардырмакчы болгон. Коопсуздук адистеринин кыраакылыгы менен анын тилеги ишке ашпаган Жамалиддин Абдумажитовдун террорчу шериктери да изделүүдө жана террорчубу-жокпу бул маселе тергөөдө билинет:
- Коргоо органдары террорист, экстремисттерге каршы дайыма иш чараларды жүргүзүп, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо. Террорчулар тобунун 1979-жылы туулган лидери кармалган. тергөө иштери жүрүп жатат. Башка мурдагы террорчулук актыларга да катышкан болушу мүмкүн. Аны биз азыр изилдеп, тактап атат, - деди ал.
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтары учурда биргелешип аракеттенүүдө. Бирок, Жалалабат шаар тургуну Абдымалик Шарипов террорчу деп шектелген өзбекстандык кишинин артында ким турганы белгисиз экендигин боолголойт.
Өзбекстандык шектүү адамды кармаганда аны менен бирге тамактанган 15 адамдын ону коопсуздук кызматтарынан ыдык тартып, коркутуу-үркүтүүгө туш болгонун адам укугун коргоочуларга билдиришкен. “Справедливость” уюмунун юристи Маматжан Абдыжапаров алардын укугун коргоо өтүнүчү менен облпрокуратурага кайрылган:
- Граждандык кийим кийген 10 чакты адам, үчөө формачан автомат, пистолеттер менен киришип, аларды уруп, эки саатча мазактап, 8 телефон, 17 миң сом акчабызды алып кетишкен деп кайрылышкан.
Террор актыларына тиешеси бар делген Өзбекстан ислам кыймылы менен облуста жашыруун жүргөн диний экстремисттик “Хизбут-тахрир” уюмунун ынактыгы тууралу пикирге уюмдун Сузак районундагы мүчөсү Абдрахман Жолчиев кошулбайт:
- «Хизб-ут тахрир» террордук иштерге аралашат, Өзбекстандын «ИДУ» деген партиясына жана «Алькаидага» кошулган дешет. Мунун баары жалган. «Хизб-ут тахрир» террордук иштерди кылбайт.