Орусияда өкмөт отставкага кетти

Президент Владимир Путин премьер-министр Михаил Фрадковдун отставкага кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн Кремлде Путин менен Фрадков жолуккан соң жарыяланды. Маалымат агенттикттери билдиргендей, орус премьери отставкага кетүү жөнүндөгү чечимин өлкөдө ири саясий окуялар жакындап келе жатканына жана президентке чечим, анын анын ичинде кадрлар боюнча чечим кабыл алуусу үчүн толук эркиндик берүүнү каалаганына байланыштырган. Орусияда быйыл декабрдын экисинде парламенттик, ал эми келерки жылдын 2 мартында президенттик шайлоо өтүшү керек.