АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы стратегия боюнча эртең билдирүү жасамакчы

Мунун алдында Конгресс эки күнгө созулган угуулар учурунда, Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы генерал Дэвид Петреус келерки жазга карата ал жактагы жоокерлердин саны 30 миңге кыскартуу мүмкүн экендигин айткан эле. Бул аскерлердин саны мурдагы калыбына түшөт дегенди билдирет. Иракка кошумча 30 миң жоокер быйыл жыл башында жөнөтүлгөн. Буш өз билдирүүсүндө Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Петреустун планын колдоору күтүлүүдө.