Москванын шаардык бийлик өкүлдөрү Ислам салтына ылайык келген адал азык-түлүктөрдүн дүкөнүн ачууну болжоп жатат. Орусиянын Дин жана этникалык комитет кеңешинин жетекчиси Игорь Илиференко өлкөнүн Муфтийлер кеңеши мындай сунуш менен шаардык бийликке кайрылганын билдирди. Илиференконун айтымында, Москванын ар бир районунда адал азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөр ачылса жакшы болмок.