19:00 И. Раззаков атындагы техникалык университетте кыргыз-герман факультет ачылат

Бул тууралуу бүгүн Берлин техникалык университетинин профессорлору, адистери Тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушууда билдирди. Анда кыргыз студенттери Германияга барып, ал жактын тажрыйбалары менен таанышып келүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. ТИМдин маалымат кызматынын кабарына караганда Э. Карабаев өз кезегинде факультеттин ачылышы жана мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстандын интеллектуалдык жана өнөр жай кудуретин арттырууда мааниси чоң болоорун белгиледи. (EBM)