Палестин менен Израилдин лидерлери жолугушат

Бүгүн Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт Иерусалимде жолугушат. Израиль өкмөтүнүн маалыматына ылайык, тараптар коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулайт. Соңку айларда эки лидер Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык конференциянын күн тартибин макулдашуу үчүн туруктуу жолугуша баштады. Конференция ноябрь айында Вашингтондо өтөт.