ЖАЛАЛАБАТ КАЛКЫ КЫШКА ДАЯР ЭМЕС

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабат облусунун калкы кышка камына элек. Облус борборундагы көп кабаттуу үйлөр толугу менен жылытуу жабдуулары менен камсыз болгон эмес. Калктын кыш даярдыгын көрүүсүнө отун-көмүр, күйүүчү май жана унаа каражаттарынын кызмат акыларынын кымбат болуусу себепкер. Казынадан каржыланган мекеме-уюмдарга көмүр ташылып, жылытуу жабдуулары оңдолууда.
Облустун күндөлүк жашоо менен алпурушкан калкы кышка азырынча камдана элек. Сузак райондук кеңештин депутаты Кален Калбаевдин атүгүл отун-көмүр жагаар үйү жок. Ай талаага тиккен боз үйүндө жашап, турак-жайынын дубалын эми тургузду. Тапкан каражаты үйбүлөсүн багууга жетпеген адамдар, кыш маалында электр тогу менен жылынуудан башка аргасы жок. Анткени, Көкжаңгак шаарынан Жалалабатка ташылып келген көмүрдүн баасы базарда 3 миң сом болууда. Элдер мындай баадагы көмүрдү кызматтагылар менен байманалуу адамдар гана сатып алуусу ыктымал дешет:

- Чиновниктер өздөрүнө камдап алган болушу мүмкүн, элдин кышка 70-80 пайыз даярдыгы жок. Менин үйүм жок, там салып атам азыр. Көмүр эмес, үйүмдүн үстүн жаба албай атам.

Жалалабаттагы көп кабаттуу үйлөр жылытуу жабдуулары менен толук камсыз болгон эмес. Райкан Курбанкулова өз үйүнө жылытуу түйүнүн кошуна үйдөн алып кирген. Буу казандары жарытылуу жылуулук бербей, кызмат акылары кымбат болгондуктан анын кызматынан баш тарткандар арбын:

- Көбүнчө жылуулук келбейт. Түтүктөрү эскирип калса керек. Электр жарыгына күч келет, эл көнүп калган электр жарыгы менен жашайт.

Көмүр чыккан шаарлардан алыс жана тоолуу айыл-кыштак калкы токой дарактарын кыйып жагууга аргасыз. Токой аймагында жашаган 120 миң калкты көмүр менен камсыз кылып, алар пайдаланчу электр жарык акылары арзандатылбаса, токойлорду отун үчүн кыюуу өнөкөтү токтобой турганын тармактык башкармалык буга дейре эскерткен.

Шаар тургуну Батма Калчабаева да көпчүлүк өңдүү кыш чилдесине даярдана элек. Тоолуу айыл-кыштак калкы токой дарактарын кыйып жагуудан башка аргасы жок. Анткени, жумушсуз олтурган тоо калкына көмүр ташылып барылбайт. Баасы жана ташуу акысы кымбат болгондуктан тоолуктардын көмүрдү сатып алууга каражаты жетишсиз дейт Батма Калчабаева:

- Мисалы менин кайын-журтум тоодо, ал жерге көмүр барбайт. Бактарды кыйып эле отун менен жашашат.

Облустун өкмөттүн казынасынан каржыланган мекеме-уюмдарды кышка даярдоо үчүн айыл өкмөттөрдүн эсебине 6,3 миллион сом каражат келип түштү. Мектептерге 2576 тонна, саламаттык сактоо уюмдарына 628 тонна көмүр жеткирилип, 626 буу казандары оңдолгон. Мындай маалымат облбийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаeвден алынды. Анын белгилешинче район-шаарлардан эл 28 миң тоннадай отун-көмүр, тезек даярдап алганы тууралуу маалымат алынган:

- 626 объект даяр. 2576 тонна билим берүү тармагына, 1165 тонна саламаттык сактоо тармагына ташып келишибиз керек. 128 тонна бүгүнкү күндө бар. Ал эми калк өзү камдуу болуп жатат. Тезек, отун, көмүрдү алганда оперативдик эсептөөлөргө ылайык 27 миң тонна калкта бар деп атабыз.