Ошто дагы тогуз адамда СПИДдин ВИЧ инфекциясы табылды. Лаборатордук анализдердин жыйынтыгында, эки жашка чейинки жети ымыркайда жана эки аялда СПИДдин ВИЧ инфекциясы бар болгону аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз жетекчиси Елена Баялинова билдирди. Ушуну менен бүгүнкү күнгө карата эпидемиологиялык изилдөөнүн натыйжасында ооруканада кан куюу жолу менен 22 адамга ВИЧ инфекциясы жукканы анык болууда. Саламаттык сактоо министри Туйгуналы Абдраимов ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берген.
-Кылым оорусу атыккан СПИДдин вич-инфекциясын Ош аймагында дагы тогуз адам, анын ичинде жети ымыркай жугузганы тууралуу жаңы маалымат тарабадыбы. Бул Ноокаттагы ооруканада окуяны иликтөө учурунда табылдыбы, же жаңы булактар пайда болдубу?
- Ноокаттагы чыккан балдарды изилдеп атканда дагы балдар кошулду. Ошондо изилдөөдөн баш-аягы 17 бала, 3 аял, 2 эркектики анык болду. Изилдөөдөн жүзгө жакыны табылбай атат. Өзбекстандан келип дарыланган балдар бар экен, Орусияга кетип калгандар бар экен жана үч аял бар, балдардын энеси. Ошол балдарга энеси аркылуу жукса керек деп боолголоп атабыз. Анткени, баладан энеге жукпайт, энеден балага жугат. Ооругандардын кээ бирлерине медицина кызматкерлери жуктурса, кээ бирөөлөрүнө энелеринен жуккан. Азыр баары такталып атат. Ал кайдан келгенин такташ үчүн биз кандарды Америкага жиберебиз. Ал жерде вирустарды тактайт, ошондо вирус кайдан келгенин толугу менен аныкталат акыркы айларда.
-Азыр аныктала элек турбайбы, себеп жагдайы так билине элек турбайбы?
- Так маалымат жок. СПИДди тигиден-тигиге жукту деп так айта албайсың.
- 700дөн ашык, 800гө чукул деп айтып атпайсыздарбы текшерилген адамдардын саны. Ошол такпы туугандары, дарыгерлерди кошкондо, же бул деле болжолдуу сан болуп атабы?
- Изилдеп чыкканыбыз ушундай болду. Булар вич-инфекцияны жугузуп алгандар эмес, биз кан алган адамдардын саны. Эми дагы 5 миң кишиден кан алалы деп атабыз. Боюнда бар аялдардан, ооруканада иштегендердин баарынан кан алалы деп атабыз. Чет өлкөдөн реактив алдырып текшеребиз.
-Бул канча убакка чейин созулат?
- Бул улана берет. Анткени, СПИД күндөн-күнгө күчөп атат.
- Саламаттык сактоо тармагындагы шалаакы мамиле ушундай кесепетке алып келди деген дооматтар көп айтылып атат. Сиз өзүңүз тармактын биринчи адамы катары кандай дейсиз. Азыр кандай чаралар көрүлүп атат?
- Баарын эле медиктерге шылтап салган туура эмес. Бул өзүңөр билгендей дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде деле бар. Мисалы, күйөөсү Орусиядан алып келип аялына жугузуп атат, аялы бала төрөп атат, кээ бир саламаттык сактоо кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баладан-балага жугуп атат. Бул илдетти бүт эле дүйнө, анын ичинде биз да күчөтүп атабыз. Албетте, дүйнө азайтканга аракет кылып атат, биз дагы ошонун ичинде.
- Ош аймагында кырдаал өтө татаал экен. Башка аймактарда жагдай кандай?
- Биз официалдуу 1200дөй оорулуу бар деп атпайбызбы. Чынына келгенде ошонун жартысы Ошто. Менин оюмча башка аймактарда деле бар. Ошто наркотрафик өткөн үчүн ал жакта көбүрөөк болуп атат. Биздин официалдуу маалыматка караганда вич-инфекцияга чалдыккандардын саны бир топ эле жогору болуш керек. Такталбагандар өтө көп али. Чолпонатага канча миллиондогон киши жылыга келип кетет, кантип эле ошол жакта болбосун.
-Эмне үчүн такталбай жатат?
- Көчөдөн кармап алып баарынан кан ала албайсың да. Шектүү учурда, же адам өзү макул болгондо алабыз. Бирок изилдөөнү күчөтүп атабыз, Бишкекте дагы ооруган адамдар көбөйүп атат. СПИД менен ооруган чет өлкөлүк адамдарды Кыргызстандын чегинен чыгарып жибергенге аракет кылып атабыз. Кыргызстанга келген кишилердин баарынын канын СПИДке алдырып атабыз.
-Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек