КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМОКРАТИЯ КОРКУНУЧТАБЫ?

Шайырбек Мукарамов, Бишкек «Ата Мекен» партиясы кечээ Борбор Азияда демократия коркунучта деген мааниде билдирүү таратты. Анда бул чөлкөмдө бийликти бир колго өткөрүү кадыресе көрүнүшкө айланып, демократиялык баалулуктар кагазда жазылган бойдон калып жатканы белгиленген. Ошондой эле Кыргызстанда да авторитардык түзүлүштү куруу аракети бар экени айтылып, коомчулукка эркин жана демократиялуу өлкөдө жашоо укугун сактап калуу чакыры ташталган. Чын эле Кыргызстанга да кошуна өлкөлөрдөгү саясий жараяндардын таасири тийип жатабы, дегеле мындай тынчсызданууга негиз барбы?
Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө караганда, Кыргызстанда демократиялык жараяндар бир кыйла дурус экенин коомчулук өкүлдөрү да, эл аралык талдоочулар да байма-бай белгилеп келет. Бирок авторитаризмге ыктаган кошуна өлкөлөрдөгү саясий жараяндар Кыргызстанга сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт деген тынчсыздануулар да жок эмес.

Маселен, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кошуналардын таасири эртеби-кечпи Кыргызстанга тийиши мүмкүндүгүн айтат:

- Борбор Азия өлкөлөрү демократиядан артка кетүүдө. Реалдуу оппозиция дээрлик жокко эсе. Реалдуу оппозиция деген бийликке атаандашып, ага таасир көрсөтүп, сестентип турган уюшулган күч. Андай күч азырынча Кыргызстанда бар. Бирок бул коркунучта. Анткени айлана-чөйрөбүздө кандай режим болсо эртеби-кечпи Кыргызстанда ошол режимди орнотконго биздин бийликтегилер да ким болбосун аракет кылат. Анткени жаман адат жугуштуу. Ошондон улам биз өлкө коомчулугуна, эл аралык демократиялык коомчулукка Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда демократия коркунучта деп кайрылдык.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Мелис Эшимкановдун пикиринде, бул багытта кошуна өлкөлөрдөгү абал кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгиши мүмкүн, бирок Өзбекстан, Түркмөнстан же Казакстандагыдай жолго түшкөнгө кыргыз элинин менталитети жол бербейт:

- Эми килейген-килейген авторитардык державалардын ортосунда жашап жатып биз башкача моделде кетишибиз кыйын. Элдин аң-сезимине, шайлоочуларга, бийликтегилерге кошуна өлкөлөрдөгү саясий жараяндар сөзсүз таасирин тийгизет. Бирок 2 миң, балким 5 миң жылдап кыргызды сактап келген жолдон биз таптакыр эле авторитардык жолго түшө албайбыз. Анткени биздин менталитет башка.

Ошол эле учурда коомчулукта акыркы 10-15 жылда Кыргызстанда демократия кошуна өлкөлөргө караганда бир кыйла тереңдеп кеткендиктен эми андай авторитардык жолго түшпөйт деген пикирлер да басымдуулук кылат. Кыргызстан коммунисттери партиясынын төрагасы, депутат Исхак Масалиев «бизде азыр демократияга коркунуч жок, бирок анын анча-мынча белгилери бар» деген пикирде.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын мурдагы башчысы Эдил Байсалов болсо мындай коркунуч дайыма болуп келгенин, бул нерсе тышкы таасирге караганда ички факторлорго көбүрөөк көз каранды экенин белгилейт:

- Кыргыз эли демократияга, ачык сөзгө жакындыгынан биз авторитардык өлкөдөн өзүбүздү сактап калдык. Андай коркунуч азыр деле бар, эртең деле боло берет. Бирок тышкы таасирден да таасирдүү факторлор бар. Бул – эл, жарандык коом, өнүккөн саясий партиялар, сөз эркиндиги. Демек бул нерсе тышкы таасирге эмес, ички факторго, элдин демине, даярдыгына көз каранды.