16:01 Баткенде ЕККУнун миссиясы чек арадагы текшерүү бекеттери менен таанышууда

Бул тууралуу маалыматты ЕККУнун жергиликтүү бюросунун Баткендеги өкүлү Замир Алдашев «Азаттыка» билдирди. Европа Кызматташтык жана Коопсуздук уюмунун беш эксперттен турган миссиясын жандап, БУУнун баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы фондусунан, Тышкы иштер Минстрлигинен, Чегара кызматынан, жергиликтуу бажы жана акимчиликтерден өкүлдөр жүрүшөт. Миссиянын башкы максаты, аймактагы чек араларды башкаруу, чегара тилкелериндеги жүк ташуу, элдердин каттамы жана мыйзамсыз аракеттердин катталуусун анализдөө болуп саналат.ЕККУнун эксперттери үч күн аралыгында Баткен облусундагы калктуу отурумдарда орун алган тогуз чек ара текшерүү бекеттери менен таанышып чыгышмакчы. (SA)