8:08 Жаштардын коомдук палатасынын алгачкы жумушчу жыйыны бүгүн башталат

Августтун ортосунда жаштардын көйгөйлөрүн чечүү жана алардын укуктарын коргоо үчүн Дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында Коомдук палата түзүлгөн. Бүгүн баштала турган жыйында жаштар саясатына байланыштуу программалар талкууга алынат деп күтүлүүдө. 27-сентябрга белгиленген экинчи жыйынга өкмөттүк жана бейөкмөт жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жаш саясатчылар чакырылган. (ZMa)