Радиоакцияга вице-премьер-министр Нур уулу Досбол, саламаттык сактоо министри Туйгунаалы Абдраимов жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ВИЧ/СПИД эпидемиясы, аны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча журналисттердин жана радиоугуучулардын суроолоруна жооп беришет. Республикада 1-сентябрга карата бул жугуштуу оору менен 1286 адам катталды. Ал эми дарыгерлерге кайрылбай, жашыруун жүргөндөрдүн саны беш миңден ашык адам экендигин көз карандысыз эксперттер билдиришүүдө. (KCh)