14:05 КММАнын ректору Д.Адамбековдун соту 13-сентябрга жылдырылды

Ленин райсотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Догдурбек Адамбеков Бишкек шаардык сотуна арыз жолдогон. Бүгүн шаардык сот ишти кароону баштап, бирок анын адвокатынын өтүнүчү менен 13-сентябрга жылдырылды. 7-августта финансы полициясы КММАнын ректору Адамбековдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, Ленин райсоту аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана бухгалтердик эсеп жоболорун бузган деген айып тагып 4 жылга эркинен ажыраткан. (AJ)