18:20 Нарын облусунда беш айыл өкмөт башчылыгы орун үчүн 19 талапкер көрсөтүлдү

НАРЫН. Ыйгарым укуктуу мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу 7-октябрда Нарын облусу боюнча 5 айылдык Кеңештин аймагында айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот. Облустук шайлоо комиссиясынын катчысы Сыдык Байтоков 2-сентябрь күнү кечки саат алтыга карата талапкерлерди көрсөтүү убактысы аяктагандыгын, натыйжада Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөт башчылыгына 6, ушул райондогу Кызылжылдыз, Түгөлсай, Нарын районундагы Орток айыл өкмөттөрүндө төрттөн жана Кочкор районунун Сарыбулак айыл өкмөтүндө бир талапкер көрсөтүлгөндүгүн билдирди. Талапкерлердин бири шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлсө, эки талапкер “Эмгек жана “Биримдик” партиясы аркылуу жылдырылган жана калгандары өзүн-өзү көрсөтүшкөн. (KUs)