Бул тууралу Бишкек шаардык мэриясынан Данияр Шабданов билдирди. Анын айтымында, салык кызматында борбор калаа боюнча болгону 29 гана нан жасоочу ишкана каттоого алынган. Калгандары мыйзамсыз иш алып барышат. Бүгүнкү күндө мэрия нанга болгон баага негизсиз чайкоочулук кылгандарга каршы чара көрүү аракетинде. Бирок ал иш-аракеттер майнапсыз тейден калууда, дейт Шабданов.(ElenK)