Мындан үч жыл илгери Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектепке куралдуу террордук топ кирип келип, жүздөгөн балдарды барымтага алган. Бир нече күнгө созулган балдарды бошотуу аракетинен натыйжа чыкпай, 3-сентябрда атышуулар, чабуул башталган. Анда 334 адам, анын ичинен 186 бала өлүмгө дуушар болгон. Коомчулукта болсо Беслан алааматын болтурбай койсо болот беле деген суроо дагы турат?
Бесландагы №1 мектепте окуу 5-сентябрда башталат. Ага чейин аза күтүү расмиси жасалат.Беслан трагедиясында каза болгондордун жакындарынын көкшүнү ушул кезге чейин суубай, алар биринчиден, террордук топтун кирип келүүсүнө жол бергени үчүн бийликти айыптаса, экинчиден, балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн сүйлөшүүлөр акыр аягына чейин жүргүзүбөгөнү, чабуулдун башталышына нааразы болуп келет.
«Беслан энелери» уюмунун мүчөлөрү бул трагедияны иликтөөдө баары ачыкталып, күнөөлүүлө жазасын алыш керек деген талапты дагы эле коюп келатат.
Беслан трагедиясын дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстанда да кайгыруу менен кабыл алган. «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын» коалициясынын башчысы Токтоайым Үмөталиева ал трагедияны мындай эскерет:
- Беслан окуясы өтө кайгылуу окуя болду. Биз баарыбыз ошол кезде телекөрсөтүүдөн карап, ошол колго түшкөндөрдүн абалына жүрөгүбүз ооруп, кыйналып турдук. Чынын айтканда, ал окуяны иликтөө иштери толугу менен жүргүзүлгөн жок деп ойлоймун. Беслан трагедиясынын башаты геосаясий күрөштөрдө.
Ал эми президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Беслан трагедиясынын башатын Россиянын саясатындагы катачылыктардан көрөт:
- Беслан дүйнө тарыхындагы эң кайгылуу трагедиялардын бири. Мында үч жүздөн ашуун адам өлдү. Бирок мындан тийиштүү жыйынтык чыгарышыбыз керек. Ошол баш кесерлерди, можахеддерди ошондой абалга жеткирбеш керек эле. Россия өз саясатында өтө чоң катачылыктарга жол берген. Чечен согушунда 1995-жылы геноцидке жол берген. Ал Ельциндин эң чоң каталарынын бири.
Беслан окуясында атайын кызматтар чабуул жасабай, барымтадагыларды башкача жол менен куткарса болот беле? Деген суроо коюлуп келет. СССРдин убагында атайын кызматтарда иштеген Алишер Абдымомунов бул маселеге карата мындай оюн айтты:
- Албетте, теорияда мындай, же тигиндей кылса болот эле деп айта берсе болот. Бирок, негизинен согуштук искусствого, тажрыйбага таянып айтканда, канчалык террорчу болсо да анын да жүрөгү бар. Ошол террорчу балдарды асып коймок беле, же атып салмак беле? Алар атса аскерлерди атып жыгылмак. Алардын да өзүнө жараша тартиби бар.Ошондуктан куткаруунун башка жолун издеп, чабуул жасабаса болмок. Ага толук мүмкүнчүлүк бар эле.
Кыргызстан дагы террордук топтордун чабуулуна кабылып келет. Андай окуялардын акыркысы өткөн жылы Кадамжай районунда болгон. Бизде террордук чабуулдарга каршы турууга даярдык начар деп эсептейт Абдымомунов:
- Даярдыкты биз былтыркы жылы көрбөдүкпү. Төрт кишини кармайбыз деп, канча киши курман болду. Бизде аскерлер эмес, алардын командирлери да даяр эмес. Терроризм, террорчуларга каршы күрөшүүгө даярдык бир күндө эле келип калбайт. Ага тынымсыз даярдык көрүп, тажрыйба топтош керек. Бирок былтыркы жылдагы окуяны эске алсак, бизде бир да даярдык жок.