17:15 Чүйдөгү жер титирөөдөн жабыркаган мектеп жаңы окуу жылына даяр болгон жок

Бул туурасында Чүй аймактык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Замир Конокбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын билдиргенине караганда облустагы жалпы үч жүз жыйырма эки мектеп 1- сентябрга карата он эки миң баланы башталгыч класска кабыл алды. Ошондой эле бүгүн Чүй районуна караштуу Султан айылында жаңы мектептин ачылышы өттү. Ал эми ушул жылдын 6- июнь күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен жарылып, иштен чыгып калган Чоңжар айылындагы мектеп бул окуу жылына даяр болгон жок. Азырынча жаңы мектептин пайдубалы да түптөлө элек, тиешелүү тараптын билдиргенине караганда каражаттын бөлүнбөй жаткандыгы ишти кечеңдетип жатат. Эми аталган айылдын балдары Шамшы айылындагы мектептен окушат. Эки айылдын ортосу бир топ алыс болгондуктан жергиликтүү бийлик атайын транспорт бөлүп берүүнү убада кылды.(JJ)