А. АТАМБАЕВ КЕТЕБИ?

«Новый Кыргызстан» гезити жакын арада дагы бир тандем түзүлөрүн, ал-Феликс Кулов менен азыркы премьер-министр Алмаз Атамбаевдин ортосунда болушу мүмкүндүгүн «Ар –Намыс» пратиясынын орунбасар төрагасы Эмил Алиевдин оозу менен айтып чыкты. Эмил мырзанын айтымында өкмөт башчысы жакында кызматынан кетет. Анын ордуна кимиси келсе да баары бир, баягыдай эле башкарганды гана билген, бирок эчкимге жооп бербеген президенттик админстрация чүлүктөй берери турган иш.

СССР энциклопедиясында: «Миңкуш Кыргыз ССРинин Нарын областынын Жумгал районуна караштуу шаар тибиндеги посолек» деп жазылган. Деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан бул жерге кен комбинаты бекеринен курулбаганын, канча жылдап казынып-ташынып, пайдасын аябай көргөндөн кийин Миңкуш кароосуз калганын, дыйканчылык кылып жанбакканга алакандай жери да жок экендигин бүгүн жарык көргөн «Заман Кыргызстан» гезити кабарлады.

«Белый пароход» гезити «Политологдор сезонду ачышты» деген көлөмдүү макаласында саясат таануучулардын басымдуу бөлүгүнүн болжолунда жакынкы бир жарым айдын аралыгында өкмөт башчысы отурган ордун бошотот. Анткени учурдагы кымбатчылыкты, ага чейинки кетирген кемчиликтерди бирөөгө шылтоо үчүн президентке ушул керек. Саясат таануучулардын айтымында октябрдын башы менен өлкөдө жаңы Башмыйзам кабыл алынат. Көпчүлүк белгилегендей саясат кармашы күзүндө эмес келерки жаз менен күчөйт. Оппозиция өткөн күздөгү сценарийин кайрадан көтөрүп чыгат. Президенттин каршылаштары аны бийликтен кетирүү үчүн компроматтардын согушун баштайт. Ошентип жаңы Башмыйзам кабыл алынып, эмдиги жылы парламенттик шайлоо өтө турган болсо К.Бакиевде да А.Акаевдин 2005-жылдагы тагдыры кайталанышы мүмкүн. Мындай абалга жеткирбөө үчүн президент бардык тарапты канааттандыра алгандай коалициялык өкмөт түзүүсү зарыл.

«Кыргыз туусу» гезити көптөн бери талаш-тартыштын бутасы болуп келаткан Мамлекеттик Гимндин айланасында ой козгогон Карыбек Байбосуноа аттуу автордун макаласын жарыялады. Анын айтуусу боюнча Гимндин сөзүнө жана обонуна кайрадан сынак жарыялоо керек. Сөзү акындын чалагайым позициясынан жаралса, обонунда кыргыздын кыялы жок.

«МСН суббота» гезити мурдагы СССР өлкөлөрүнүн демографиялык келечегине сереп салган докладын Бүткүлдүйнөлүк банк шардана кылганын, анда КМШнын башка өлукөлөрүнө караганда Кыргызстанда калктын саны азайбастан кайра көбөйөрүн белгилеп, дүйнөлүк банк сунуш кылган жол-жобону окурманга тартуулайт. Маселен банк эсебине ылайык Кыргызстан жакынкы жылда пенсия жашын өйдө көтөргөнү жана анысын аялдар менен эркектерге бирдей өлчөмгө теңдегени оң. Бирок саясаттын чени менен алганда муну жүзөгө ашыра койуу бир топ кыйын.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ