Сеул өкмөтү Ооганстандагы талиптер тарабынан барымтада кармалып жаткан калган 7 мекендеши бүгүн бошотулат деген үмүтүн билдирди

Түштүк Кореянын телеканалы талиптердин маалымат өкүлү Кари Мухаммад Юсуф Ахмадиге шилтеме жасап кабарлагандай, куралдуу топ Түштүк Корея менен жетишилген келишимди урматтап, бардык 19 туткунду бошотууга ниеттенүүдө. Келишимге ылайык, Сеул алардын кое берилиши үчүн Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Ооганстандагы миссионердик иш-чараларын токтотууга тийиш.
Кечээ талиптер 12 кишини азат кылышкан. Түштүк Кореялык 23 гуманитардык кызматкер июлда барымтага алынган. Ошондон бери экөө өлтүрүлүп, экөө ден соолугуна байланыштуу кое берилген.