КАРАКЕЧЕ КӨМҮР КЕНИНДЕГИ АБАЛ ООР

Каракече көмүр кени кайрадан талашка түшүү коркунучунда турат. Кенди иштетип жаткан ишкана ээлеринин айтуусунда “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев Каракечени мыйзамсыз ээлеп алуу аракеттерин кайрадан баштоодо. Алардын белгилөөсү боюнча кенди Мотуев ээлеп отурган бир жарым жыл ичинде мамлекеттик бюджет 16 млн сомго зыян тарткан. Нурлан Мотуев болсо мындай дооматтардын баарын жокко чыгарып келе жатат.
Окумуштуу адистердин белгилөөсү боюнча Каракече көмүр кенинде 430 млн тонна көмүр кени бар.

Аталган кенди 1995-жылдан тартып, “Акулак”, “Бешсары”, “Шарбон”, “АкжолКөмүр” жана “Демилге” ишканалары иштетип келет. Алгачкы жылы 12 миң тонна көмүр казылып алынса, 2004-жылы бул көрсөткүч 360 миң тоннага жеткен. 2005-жылкы март ыңкылабынан кийинки Нурлан Мотуевге байланышкан окуялардын натыйжасында Каракече көмүр кенин иштетүү артка кетти, дейт “Бешсары” ишканасынын башкы бухгалтери Таалайбек Өмүракунов:

-Бүт даяр көмүрдүн баарын ташып алышты. Мындан тышкары керектүү техникаларыбызды сатып жиберишти. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп бербей жүрөт. Жалаң гана көмүрдүн эсебинен биздин ишкана 2005-жылы 19 млн сом чыгаша менен чыктык. Ага чейин жалаң өсүш менен келатканбыз. Эми 19 млн сомду жабуу үчүн жети-сегиз жыл кирешесиз иштөөгө туура келет.

Таалайбек Өмүракуновдун айтуусунда учурда “Бешсары” ишканасынын Атбашы, Кочкор, Акталаа райондорундагы мектептерди көмүр менен камсыз кылуу милдети да үзгүлтүккө учурап турат.

Каракече көмүр кенин иштетүүчү ишканалардын бири “Акулак” мамлекеттик акционердик коому 2000-жылы мамлекеттик бюджетке 7 млн сом, 2002-жылы 8 млн сом, 2004-жылы 15 млн сом салык төккөн. 2005-жылы Каракече көмүр кени Нурлан Мотуевдин колуна өткөндөн кийин 2 млн сом гана салык төлөнсө, 2006-жылы 20 миң сомго түшүп калды, дейт “Акулак” көмүр казуучу ишканасынын жетекчиси Тилек Сабыров. Анын айтуусунда ишкананын мамлекет алдындагы жана жумушчулардын айлык акылары боюнча карызы 16 млн сомго жетти.

Кыргызстандагы “Тоо-кенчилер” ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев Каракече көмүр кенинде болгон баш-аламандыкты бийлик тыйып коюуга күчү жетмек дейт:

-Бул келечектин байлыгы. Эгер ушундай жол менен калтырып кое бере турган болсок байлыкты иштен чыгарып коебуз. Ошондуктан, жок дегенде бүгүн бул баш-аламандыкты токтотуусун талап кылып, өкмөт менен президентке кайрылдык,-дейт Орозбек Дүйшеев.

Каракече көмүр кени Кыргызстандын түндүгүн жана Бишкек ТЭЦинин керектөөсүн камсыздайт. Борбордук ТЭЦке жыл сайын 350 миң тонна көмүр керек болсо, анын 80 миң тоннасы Каракечеден апкелинчү. Адистердин айтуусунда бул шахтанын көмүрү өкмөт үчүн арзан түшчү. Ал эми калган бөксөөлөр Казакстандын жана түштүктөгү көмүр кендеринен казылган кара алтын менен толтурулчу. Быйылкы жылы Каракече көмүр кенинен борбордук ТЭЦке жети ай ичинде 20 миң тонна гана көмүр апкелинген.

Мамлекеттик “Көмүр” ишканасынын жетекчиси Жапарбек Амантаев көмүр казуучу ишкана ээлеринин дооматтары менен макулдугун билдирди:

-Ал окуялардан кийин көмүр казып алууга чыгым да көп кетип атат, аны да түшүнөбүз, даяр көмүрдүн баары ташылып кетти. Каракече көмүр кениндеги абалды оңдоо максатында азыр техникалык-уюштуруучу иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Абалды оңдойбуз.

Жапарбек Амантаев “Каракече” көмүр казуучу ишканасы лицензиясы жоктугуна байланыштуу кен иштетүүгө акысы жоктугун баса белгиледи.

Каракече көмүр кениндеги абалдын оорлошунан коңшулаш Казакстандык ишкерлер да пайдаланышууда дешет адистер. Өткөн жылы көмүрдүн аздыгынан казак көмүрүнүн тоннасы 1500 сомдон ашып кетти.

Бийлик Каракечедеги көмүр кендерин иштетип жаткан ишканаларды колдоо менен атамекендик өндүрүшчүлөрдүн өсүүсүнө жол бермек, бир жагынан өлкөнүн калкы арзан, сапаттуу көмүр менен камсыз болмок дешет алар.

Алдын ала айтылган божомолдор боюнча быйылкы жылы көмүрдүн баасы Бишкекте 2000 сомдон ылдый болбойт. Ал эми Каракече кенинен сатылуучу көмүрдүн 1 тоннасы монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик коюп берген баа боюнча кендин өзүндө 576 сомдон сатылууга тийиш.