«ТАШРАБАТ», «КОШОЙ КОРГОН», «БУРАНА» ЮНЕСКОНУН ТИЗМЕСИНЕ СУНУШТАЛДЫ

Өткөн апта соңунда Атбашыда “Кошой Коргон” тарыхый комплекси ачылып, ага арналып эл аралык фестиваль да өткөрүлдү. Бул жөнүндө Кыргызстандын маданият министри Султан Раев “Азаттыкка” кеп салып берген.
- Султан мырза, фестиваль эмне себептен эл аралык фестиваль деп аталды?

- Биринчиден, бул фестивалга статус бердик. Себеби, биздин тарыхыбыздагы эң көрүнүктүү жерлердин бири кан Кошойдун чебинин жанында ушул эл аралык фестивалды өткөрөлүк дедик. Бул фольклордук фестивалды уюштурууда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн музыка искусствосуна, тарыхый эстеликтерге да буралы дедик. Ошонун тегерегинде өзүнчө комплекс болду.Тарыхый музей ачылды. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбекова чоң жардам берди. Ошол кишинин жеке демилгеси менен уюшулган музей болду. Биз, албетте, бул жерде фольклордук фестиваль эмес, экинчиден меценаттардын жасап жаткан иштерин да көрсөтөлү дедик.

- “Кошой Коргон” сыяктуу тарыхый эстеликтерди коргоо жана калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанда каражат бөлүнөбү?

- Бул боюнча ушул мезгилге чейин биздин республикалык бюджеттен тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча акча каралып келген эмес. Андыктан, биз азыр Маданият жана маалымат министрлиги тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик программасын иштеп чыгып жатабыз. Ошол программанын негизинде бюджеттен акча бөлүнүп, эстеликтерди коргоону бир системага салалы деп турабыз. Азыркы күндө биз ушул маселе боюнча иштеп жатабыз. Бул маселе өтө актуалдуу. Мисалы, Казакстанда атайын кабыл алган программа бар. Жылына 40 миллион долларга чейин тарыхый эстеликтерди коргоо берип турушат.

- “Кошой Коргон” комплекси бул абдан чоң комплекс болуп эсептелет. Ал музейди ачууга кимдер каражат бөлдү?

- Негизинен эл аралык фестивалдын уюштуруучусу катары Маданият министрлиги, “Дордой” ассоциациясы, ошондой эле Нарын облусу болду. Ал эми музейди курууга жеке “Дордой” ассоциациясы, айрыкча Аскар Салымбековдун эмгеги чоң деп айтсам жаңылышпайм. Анткени, ошол кишинин жеке демилеси менен музей курулду.

- Мисалы, Аскар Салымбеков атбашылык экени белгилүү. Ал өзүнүн туулуп өскөн жери үчүн каражат бөлүп жаткан тура. Дагы башка ушундай эле тарыхый эстеликтерди жакшыртуу, калыбына келтирүү ишине жергиликтүү демөөрчүлөрдү тартса болор беле?

- Албетте болот. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Негизи мамлекет өзүнүн камкордугуна алыш керек. Бул биздин тарыхыбызды чагылдырган эстеликтер болгондуктан бул сөзсүз түрдө мамлекеттин көзөмөлүндө болуш керек.

- “Кошой Коргон” комплексинен отуз чакырым жерде “Ташрабат” деген илгерки кербен сарай жайгашкан. Булардын баарын бириктирип, туристтик тур уюштурса болор беле. Бул аталган комплекстин ачылышы менен колго алынабы?

- Эң жакшы суроо бердиңиз. Бул маселе боюнча да иштеп жатабыз. ЮНЕСКОнун эксперттери Улуу Жибек жолундагы эстеликтерди иликтеп жүрүшөт. Себеби, биз “Бурана”, “Кошой Коргон”, “Ташрабат” ж.б. сыяктуу эстеликтерди Улуу Жибек жолундагы тарыхый эстеликтердин номинациясына киргизгенге аракет кылып жатабыз. ЮНЕСКОнун эксперттери келип кетишти. Биз азыр ЮНЕСКОнун тизмесине киргенге аракет кылып жатабыз.

- Маегиңизге ырахмат.