ҮЙДҮН БААСЫ АСМАНДА, КАРДАРЛАР АНСАЙЫН КӨБӨЙҮҮДӨ

Бишкек менен Көл кылаасында кыймылсыз мүлктүн баасы болжол менен 1,5 эсе өстү. Кыргызстандын ири шаарларынын текши баарында байкалган асман баанын жакын арада төмөндөй турган түрү жок. Адистердин айтуусунда, кыймылсыз мүлк баасы мындан ары такай кымбаттоонун үстүндө гана жүрмөкчү. Ага Орусия менен Казакстанда иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктар менен казак ишкерлеринин Бишкектен, Көл боюнан үйлөрдү кыйгас сатып алуусу себеп болууда.
Бишкектеги оголе көп кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кызматкерлеринин кыска жоопторунан байкаганым бул болду. Ушу азыр башкалаанын ичинен үч бөлмөлүү квартир алгысы келген кардар белине кеминде 60 миң АКШ долларын байлай келиши керек. Эки бөлмөлүү үй 40 миңди айланчыктаса, бир бөлмө 30 миң долларды уучтап туру. Шаардагы саны көп кыймылсыз агенттиктеринин биринен «25 миң долларга эки бөлмө үй сатып аламбы?» суроосуна момундай жооп алдык.

- Жок го, карайлычы, барак тибиндеги үйлөр бар. Бизде мединституттун жакабелинде эки бөлмө квартир бар, баасы 39 миң доллар. Бетон үйлөр бираз кымбатыраак. Мындан арзаны жок. Эки күн мурун 36 миңге бир квартир сатылды. Балкону жок 36 миң 300 долларлык квартир сатыкта турат.

Атын атагысы келбеген ишкер айым дагы бир кызык жагдайга токтоло кетти.

- Баа көтөрүлгөн сайын элдер көбүрөөк сатып ала башташат. Баа ансайын көтөрүлөт. 104-сериядагы үч бөлмө квартирлерге 45 миң, 55 миң баа коюп сата баштадык эле, жума күнү кардарларыбыз келип баасына дагы 10 миң доллардан кошуп кетишти. Kелишимдерди оңдоп 55 миңге турган квартирдин баасын 65 миң долларга көтөрүштү.

Адистердин эсебинде Бишкекте эски үйлөрдүн баасы бир жыл ичинде 20 миң долларга көбөйдү. Жакынкы жылдары баалардын кымбатташы токтолуп, туруктуу баага түшүшү да күмөн. Тек, шаардын түндүк тарабындагы астынан суу чыкчу жерлер менен шаардан алысыраак жайгашкан айылдардагы үйлөрдүн баасы гана бираз арзаныраак болбосо, айырма анча деле эмес. Ал эми башкалаада курулуп жаткан жаңычыкма байлар үчүн үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 1 000 долларды чапчып, Бишкек кымбат шаарлардын катарына аз-аздан кошулууда.

Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Молдокмат Тезекбаевдин айтуусунда, баалардын көтөрүлүп кетишине Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандыктар, анан да акчасын кайда жумшарын билбеген казакстандык ишкерлердин бул жерлердеги кыймылсыз мүлктөрдү кыйгас сатып ала башташы себеп болду.

- Биздин сыртта иштеп акча таап жаткан адамдар бар. Ошолор бул жакта туугандарына акча жөнөтөт. Биринчиден, ошолор болуп жатат. Экинчиден, угушубузга караганда казак туугандардан да келип, бул жакка акчасын жумшап жатышат. Буга кошумча, азыр банктар да жакшы болуп калбадыбы. Керектөөчүлөргө алар ипотекалык кредитти 1 жылдан 3 жылга чейин кыска мөөнөттө берип жатышпайбы. Республика, анан Бишкек боюнча алым-сатыктар биздин офис аркылуу өтөт. Сатуу-алуу жылдагыга караганда 1,5 эсе көбөйдү.

М.Тезекбаев азырынча өкмөт колу жука жарандарды колдоо максатында арзан үйлөрдү салып, анан да ипотекалык кредит системасын өнүктүрүү амалын көрүп жатканын билдирди.

- Шаар башчылыгы бюджеттик мекемелерге 2 –3 үйдү салып берди. Азыр дагы 2 –3 үй салынып жатат. Анын бир бөлүгүн өздөрү төлөйт, ипотекалык кредит менен. Бирок да ипотека маселеси толук чечиле элек.

Бул аракет орчун социалдык проблеманы толугу менен чечип ие албайт. Байлар менен кедейлер ажырымы ошентип заңкайган жаңы кабат үйлөрдүн көкөлөгөн баасы аркылуу дардайып ачыкка чыгып калууда. Баанын кымбатташы жалпы элдин маанайын төмөндөткөндөн башкага жарабайт, дейт Бишкек шаар тургуну Айгүл Бешимова.

- Үйлөрдүн баасынын кымбатташы биздин сатып алуу мүмкүнчүлүгүбүздүн жогорулап, керектөөбүздүн жогорулашынан эмес. Бул деген дагыле болсо жасалма жолдор менен байларды бай кылуу үчүн эле иштеп жаткан нерсе.

Кыймылсыз мүлккө баанын кымбатташы, айрым адистердин ырасташынча, базар-нарк мамилелер тушунда жүрүп турчу мыйзамченемдү көрүнүш. Базар экономикасын жандай чапкан инфляция, ага кошумча, калктын бир катмарынын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келери турулуу иш. Анын үстүнө Кыргызстан коңшулаш Казакстанда бираз илгерээк башталган, Орусияда кадимкидей оожалып калган капиталды жайгаштыруунун көп жолдорунун бирин, курулуштун ыкчам өнүгүшүн ушу тапта башынан кечирүүдө.