16:20 Кумтөр алтын кени боюнча кошумча келишимдер түзүлөт

Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү түзгөн эксперттик топтун “Камеко” менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү аяктады. Анын негизинде эки келишимге кол коюлуусу күтүлүүдө. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстан “Камеко” жана “Центерра голд инк” компаниялары менен жаңы келишим түзөт, учурда тиешелүү адистер мунун үстүндө иштеп жатышат.
Кумтөр алтын кенине байланыштуу канадалык өкүлдөр менен сүйлөшүү 22-августта башталган. (ZKo)