14:48 Бишкек – Торугарт жолун калыптандырууга Азия өнүктүрүү банкы 30 млн. доллар бөлүп берет

Транспорт жана байланыш министирлигинин басма-сөз кызматы билдиргенине караганда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолун толук түрдө модернизациялоо үчүн республикалык бюджетен бөлүнгөн каражат толук жетишпегендиктен, аталган министирлик атомагистралды калыбына келтирүү үчүн эл аралык донорлордун инвестицияларын тартуу боюнча сунуш пикирлерин иштеп чыккан. Буга ылайык Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна техникалык жардам катары 400 миң доллар ал эми бул жолду калыбына келтируу үчүн 30 млн. доллар бөлгөнү турат. (ESu)